Жакында Ош шаарында үч эм кыз төрөлдү. Бул кыздарга ата-энеси "Кыз-Бурак" эстрада тобунун солисткаларынын аттарын коюшкан. Тактап айтканда, ыңаалап жарыкка биринчи келген наристеге Кенже, экинчисине Айжамал, үчүнчүсүнө Сайкал деген ысымдар ыйгарылган. Муну уккан Гүлшайыр Садыбакасова баштаган топтун кыздары үчөөнө үч бешик араба жана кийим-кече алышып, кыздарды көрүп келишкен.