2007-ЖЫЛ ҮЧҮН КИНО-ЖЫЙЫНТЫК

Ошентип, планетабыз Күн огунда дагы бир жолу айланып чыгып, жаңы жыл келди. Демек, азыр өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгаруучу маал. Анда эмесе, гезитибиздин “Тасма таржымалы” рубрикасынын такай окурмандары жана жалпы кыргыз киносүйүүчүлөрү үчүн атайын макалабызды сунуштайбыз.

ЭҢ МЫКТЫ ТАСМАЛАР
2007-жылы тасманын жакшысы да, жаманы да тартылды. Алардын кээ бирлери көрүүчүлөр тарабынан тез эле унутулуп калса, кээ бирлери бир жыл ичинде популярдуулукка жетишип, «Жылдын жүзү», «Жылдын хити» деген аттарга конуп калды. Эмесе, эски жылдын эң көрүнүктүү мыкты фильмдерин талдап көрсөк.
“300 спарталык” тасмасынын бет ачары 2007-жылдын 9-мартында болуп өттү. Аны жараткан клипмейкер Зак Снайдер “улуу режиссёр” деген атка конду. Фильм киносүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн татыктуу орунун таап, сынчылардын “мыкты” деген баасына ээ болууга жетишти.
Атактуу “Трансформерлерди” да жылдын жарк эткен фильмдеринин катарына кошпой койсок болбойт. Кадимки эле робот оюнчуктарды чоң кинонун каармандарына айлантып коюу идеясы мыкты режиссёр Майкл Бэйдин оюна келген. Ага кошумча, тасмага атактуу Стивен Спилберг өзү продюсерлик кылган. Андыктан, бул кинону ийгиликтен башка эч нерсе күтпөйт эле.
Режиссёр Стивен Содерберг Дэнни Оушен менен анын тайпасынын окуясын улантып, “Оушендин 13 досу” деген жаңы кино тартып чыгарган. Бул тасма англиялык кинообзордо “Мыкты актёрдук топ” деген номинацияларда ат салышышы мүмкүн.

ЭҢ КЫМБАТ ТАСМАЛАР
Киножаратуучулар бир тасма тартуу үчүн эмне деген гана акча коротушпайт! 2007-жылы тартылган тасмалардын ичинен эң чоң көлөмдөгү акча “Кинг Конг” тасмасына жумшалган. Анда «Оскардын» ээлери Наоми Уоттс менен Эдриан Броди тартылышкан эле. 3 саатка созулган тасманын ар бир мүнөтү 1 миллион 150 миң доллар (!) деп бааланган. Бул тасманын жарнамалык иш чараларына эле 33 миллион доллар коротууга туура келген.
Мындан сырткары, “Жөргөмүш адам” фильмине кеткен акчага Бишкектен 17 миң даана квартира, “Трансформерлер” фильмин тартууга жумшалган акчага болсо 69 миң мыкты машина сатып алууга болоор эле.

ЭҢ ЖАКШЫ ФАНТАСТИКАЛЫК ТАСМА
“Кариб деңизинин каракчылары-4” – боевик, фэнтези, комедия жанрлары аралаш тартылган тасма. Күчтүү атайын эффекттер, курч сценарий жана кызыктуу эпизоддор та­с­­маны унутулгус саякатка айландырды. Ал эми баш­каарман Жек Таранчы, тагыраак айтканда, актёр Жонни Депп элдин сүймөн­чүлүгүнө айланып, көз карандысыз рейтингдердин жыйынтыгы боюнча, “Жылдын эң сү­йүктүү актёру” деп табылды.

ТАЛАПКА БАЙ АКТЁР, АКТРИСАЛАР
Сулуулугу менен канчалаган мырзалардын жүрөгүн ооруткан актриса Скарлетт Йохансон абройлуу “Him” журналы тарабынан “Планетанын жаңы секс-символу” деп ан­ык­талды. “Альфа Дог” фильмине тартылганы үчүн актриса 2 миллиондон кем эмес гонорар алган.
“Ийгилик, Чак” тасмасынан кийин атак-даңктын чокусуна жеткен жаш актриса Жессика Альба үчүн 2007-жыл ийгиликке мол жыл болду. Аталган комедия ийгиликтүү кабыл алынып, актрисага бир эле учурда 7 жаңы сунуш түшкөн.
“Гарри Поттер” менен 7 жылдан бери “байланып” келаткан кичинекей актриса Эмма Уотсон да 2007-жылы талыкпай эмгектенди. “People” журналы ага “Эң кичинекей бай актриса” деген наам беришти. Жомок-тасмадан алган маянасы эң аз дегенде 4 миллион долларды түзөт. Мындан сырткары, 17 жашар актриса “Vogue” журналынын бетине чыккан эң жаш атактуу кыз” деп эсептелинет.
Жигиттер арасынан Уилл Смит менен Жонни Депп “аялзатынын сүймөнчүгү” деп аталууда. 40 жаштагы актёр Уилл Смит бардыгы биригип 55 тасмада тартылууга жетишкен. Аны режиссёрлор 3-4 жыл мурун алдын-ала ээлеп алышаары белгилүү.
Тилекке каршы, 74 фильмде образ жаратууга жетишкен актёр Жон Кристофер Депп II (Жонни Депп) жаңы жылда актёрдук кесибине чекит коюп, продюсердик менен алектенээрин билдирген. Бирок, бул маалыматтын канчалык деңгээлде чын экени белгисиз.

ОРУС КИНЕМАТОГРАФИЯСЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ
Гоша Куценко менен Кристина Орбакайте катышкан “Алмашкан ашыктар” кинотеатрларга көптөгөн көрөрмандарды чогултту.
Украиналык актриса менен француз актёрун бир кино тартылуучу аянтчага алып келип, орус актёру жараткан “Апокалипсис коду” да орус кинематографиясынын алдыга аткан ад­ым­­дарынын бири болду.
Мындан сырткары, “Аптап” лирикалык комедиясы жана “Русалка” фильми жаштардын сүй­мөнчү­гүнө айланды.

ЖЫЛДЫН СЕРИАЛЫ
Учурда россиялык Биринчи каналдын кечки эфири “Амедия” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Эки гүлдүн талашы” (“Татьянин день”) аттуу көп сериялуу үйбүлө­лүк көркөм фильми менен ээленип турат. Колумбияда “La Guerra de las Rosas” (“Розалардын согушу”) деген ат менен чыккан фильмдин ремейки бүгүнкү күндө көп­төгөн өлкөлөрдө популярдуу.
Кыздардын жүрөгү­нөн түнөк тапкан “Кадетчилик” сериалынын жигиттери быйыл 3-курс болушту. Кайгылуу да, күлкүлүү да окуяларга толгон сериалдын жаңы сезону алгачкыларынан кем калбай, СТС телеканалынын рейтингин бир топ кө­төрүп кетти.

ЭҢ МЫКТЫ МУЛЬТФИЛЬМДЕР
“Толкунду тос!” – “2007-жылдын эң экологиялык мультфильми” болуп аталды. “Бул мультфильм абанын кескин ысый башташынан улам жоголуп бараткан пингвиндерге атайын болбосо да чоң колдоо көрсөттү”,- дешет адистер. Адамдардын бул канаттууларга болгон сезимдерин күчөт­көн тасма режиссёрлор Эш Браннон менен Крис Бактын эң мыкты долбоору десек жаңылышпайбыз.
“Pixar” студиясында жаралган “Рататуй” мультфильми мына эми актуалдуу болуп жатат окшойт. Реми аттуу жакшынакай ашпоз чычкан жөнүн­дөгү бул анимациялык тасма ийгиликке Чычкан жылында жетишпей анан... Кирип келген жылдын алгачкы айында айтылуу “Оскар” номинациясы таратылганда “Рататуй” жок дегенде бир “Оскар” алаарына ишенебиз.

КЫРГЫЗ КИНЕМАТОГРАФИЯСЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ
“Жылдын эң армандуу тасмасы” – “Таалай элеси” студиясы тарабынан тартылган “Арман” тасмасы болду окшойт. Режиссёр Камат Касенов, автор жана продюсер Жамалбек Эшалиев, анан албетте, 30 адамдан турган тартуучу топтун талыкпас эмгеги менен тартылган бул мелодраманын өзөгүн турмуштан алынган чыныгы окуя түзөт.
Кино жөнүндө кинону баяндаган Садык Шер-Нияздын “Биринчи кадры” эң оригиналдуу тасмалардын катарында экени жана көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынганы талашсыз.
“Үкү” тобунун жаш жигиттери кинолорду которуп эле тим болбой, тартканды да билишээрин далилдешип, “Башаламан” аттуу мушташ фильмин даярдап чыгышкан. Өзгөчө жаштар арасында чоң талкуу пайда кылган тасма – элге жакса да, жакпаса да “Үкүнүн” балдарынын алгачкы ак эмгеги.
“Кылым Муза” продюсердик борбору жана “М&В” студиясы тартуулаган мушташ жанрындагы толук метраждуу жаңы тасманы да атап өтпөсөк болбойт. Криминал, байлык, акча аралашкан окуяны чагылдырган “Шайтан араба” фильми көрүүчүлөр арасынан тез эле өз күйөр­мандарын тапты.
Ырысбек Жабиров бул жылы кыргыз киносуна жаңылык киргизди. “Кайып булак” тасмасы да “2007-жылдын эң популярдуу долбоорлорунун” катарында. Акжолтой тасма режиссёр Назым Мендибаировдун жана атактуу эстрада ырчыларынын кинодогу тушоосун кести.
“Ой Арт” продюсердик компаниясы тартуулаган мыкты режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жаңы эмгеги “Боз салкын” тасмасы кыргыз элине дагы бир жагымдуу жаңылык болсо, режиссёрго “Биринчи Ысыккөл кинофестивалынын” “Күмүш түндүк” сыйлыгына татыктуу болду.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 270, 4-10-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан