ЖАҢЫ ЖЫЛДАГЫ КАРГАША

«...Үч! Эки! Бир! Оо-о! Жаңы Жылыңар менен! Жаңы Жылыңар менен!..» Көңүлдүү компанияда шатыра-шатман түшкөн достор бирин-бири куттуктап, жүрөк толкуткан бул мүнөттөрдө Эрмектин ойлуу турганын байкашкан жок. Эрмектин алып-учкан ою кайрадан он беш жыл илгерки Жаңы Жыл түнүндөгү каргашалуу окуяга кетип, ошол окуя көз алдынан тасмадай чууруп жатты. Ошондогу каргаша болбогондо Жаңы Жыл башка адамдардай эле Эрмекке шаң тартуулайт беле, ким билет...

ЧЫРДЫН БАШЫ...
Жаңы Жыл – майрамдардын ичинен эң жагымдуу, жалпы эл сүйгөн үйбүлөлүк майрам. Бир кезде Эрмек үчүн да 31-декабрь өзгөчө майрам болчу. Бирок, Эрмек он жети жашка чыккандан тартып Жаңы Жыл майрамы өз кунун жоготту да койду. Бардар бүлөнүн жалгыз эрке баласы, анын үстүнө, мектептин бүтүрүүчүсү болгонго көөдөнү көктө, шоктугунда чек жок болуп жүргөн кези эле. Ырас, атасы менен энесинин мамилеси анча эмес, жалпы үйбүлө аталышканы менен ар кимиси өз кызыкчылыгы менен алек, мамилелери салкын болчу. Көп урушушчу. Жашында байкабаса да, Эрмек эс тарткан сайын уруш-талаштын маңызы кайда экенин боолголой баштаган.
Атасы жашынан тың чыгып, эл ойлоп жетише электе коммерция кылып Кытайга каттап, бутуна туруп кеткен экен. Албетте, мындай ийгиликтин баарына өзү жалгыз жетише койгон жок. Өйдө чыкса өбөгү, ылдый тартса жөлөгү болуп дайыма жанында келинчеги жүргөн. Бирок, колунда акчасы көбөйгөндөн тартып көзүн май басып, кечээки күндөрүн эстен чыгара баштаган. Аялы тыйындын артынан томолоно "бутка турабыз" деп иштеп жүрүп, денсоолугунан айрылганын унутуп бараткан. Кыштын кычыраган ызгаарында товар менен Алматыга баратып жарым күн суукта калган Салиманын боюнан түшүп, экинчи төрөбөс болуп калган эле. Ал жагын эстен чыгарып жиберген атасы келинчегинин көзүнчө эле Эрмекти эркелетип отуруп: "Сага карындаш алып келип берейинби?"- дей берчү. Көрсө, бул кеп төгүн эмес экен. Эрмек аны өмүрүн астын-үстүн кылган каргашалуу Жаңы Жылдын түнүндө билди...

"АТА, ЭМНЕ КЫЛЫП КОЙДУҢ?"
– Балам, досторуң менен көңүл ачканга анан деле жетишесиң. Он экиге чейин келип кал!
Телефондон жумшак унчуккан апасынын кебин уккан Эрмек ошондо бул үндү эң акыркы ирет угуп жатканын кайдан билсин.Тескерисинче, дагы бир аз жинине тийип койгусу келип апасын тамашалап кирген.
– Апа, атам экөөң эле тосо бергилечи?! Биз, классташтар, эмки жылы чогуу болбой калабыз да. Бүгүн Канаттыкында эле кала берейинчи?!
– Аа, балам, атаң эле десе, сен да менин көңүлүмдү чөктүрөйүн деген турбайсыңбы. Макул!
– Ой, жо-ок, апо-ов, мен жөн эле... Тамашалап койдум. Барам, мына, азыр жетип барам.
Шашкалактап, күрмөсүн топчулабай жатып чыга жөнөгөн Эрмек апасынын үнү каргылданып чыкканын ойлоду. Тамашалай коём деп жатып карачы, ушундай жакшы күндө апасын таарынтып алды. Ай, ушул жалжакелиги, ай! А чын эле эмне үчүн апасынын үнү каргылданып чыкты? Ыйладыбы? Эмнеге?..
Жол ката ушуларды ойлогон Эрмек конок бөлмөгө кире бериште ичинен кудуңдай апасына, атасына арнаган белектерин карап туруп калды. Аларды бир жума илгери эле сатып алып даярдап койгон. Сыртындагы жасалгасын оңдоп түзөгөн соң алардын кубанычтуу жүздөрүн, өзүнө кандай белек беришээрин элестете үйгө кире жөнөдү.
– Насили бузук адамды оңдойм деп убара тартыштын кереги жок экен. Мени ойлобосоң да балаңды ойлосоң болмок! Эр жетип калган балаңа «сени менен тең кызды алам» деп уялбай кантип айтасың? Кечээ эле ким элең? Андагы кебетеңди өзүң унутуп койсоң да, мен унута элекмин!
– Болду! Көп башты оорутуп келжиребе!
– Ооба, эми мен келжиреген болуп калдым. Келжиребей көкүлүңдөн сылап, көзүң менен тең айланып шыңкылдап, кыңшылап турганды таап албадыңбы! Билсең, сени ушул деңгээлге мен жеткизгем! Аай! Акмак, коё бер!
Жандан башкача чаңырган энесинин үнү заматта тып басылды. Сыягы, жерге кулап түштү окшойт, "күп" деген үн чыгып барып тынчып калды. Баятадан бери селейип турган Эрмекке эми жан киргендей селт эте эсине келип, чуркаган бойдон төркү бөлмөгө кирип барды. Энеси жерде жатат. Заматта башы кызылала болуп кетиптир.
– Ата, бул эмне кылганың? Апа! Апа!
Отура калып энесин кучактайын десе башы шылк эте экинчи жакка ооп, шалактап калды. Атасы дале колундагы кан болгон үтүктү кармап, жалдырап туруптур. Ошондо Эрмектин көзүнө стол үстүндө турган бычак илинген. Энесин жерге таштай ыргып туруп, жанагы бычакты кармаганын билет. Көзүнөн чаар чымын уча атасын көздөй жулунганда сырттан салюттардын атылган үндөрү жаңырып, бака-шака көбөйүп, майрам башталып кетти. Андан башкасы эсинде жок...

"ЖИНДИКАНАГА ЖӨНӨТӨБҮЗ"
– Ата-энеңди эмнеге өлтүрдүң?
Маңдайында турган тергөөчүнү Эрмек эси оой тиктеп отура берди.
– Дагы деле эсине келе элек. Бул баланы жиндиканага алпарат окшойбуз.
Тергөөчү жанында отурган шериги менен акылдаша кетти.
– Кандай кылсак, эксперттер эки-үч күн күтүүлөрү керек. "Шок болуп калган" деп жатышпадыбы беле. Бул болсо бир жумадан бери эсине келбей эле жалдырап отурат.
– Эмнеге жиндиканага? Мен силерге эмне, жинди көрүнүп жатамбы?
– Ой, эсине келди.
– Жиндиканага алпарбайбыз, жигит. Сенин көпкө чейин өзүңө келе албай жатканыңдан чочулап жатканбыз. Эми шашпай сүйлөшсөк болот. Айтчы, үйүңөрдө эмне болду?
Көз алдынан каргашалуу күн чууруп өттү. Энесинен да, атасынан да айрылганын эстеген бала кайрадан эсин жоготуп койду.

ЖҮРӨКТӨГҮ ЖАРА
Ошол жылы Эрмектин башы ооруканадан чыккан жок. Алгач чын эле милициядан психиатриялык ооруканага жөнөтүштү. Үч ай ооруканада жаткан аны таежеси үйүнө чыгарып кетти. Депрессияга түшкөн баланын көңүлүн эч нерсе көтөрө алган жок. Эртеден кечке бөлмөсүнөн чыкпай, сүйлөбөй жүрө бергенинен чочулаган таежеси өзүнүн уулун кошуп, эки айга Ысыккөлдөгү курорттордун бирине жөнөттү. Ырас, таза аба, кереметтүү көл таасирин бербей койбойт экен. Курорттон бир аз оңолуп келген Эрмек таежесинин суранганына болбой өзүнүн үйүнө жөнөдү. Ошол каргашалуу Жаңы Жылдын түнүндө милиция кызматкерлери алып кеткенден бери Эрмек үйүнүн босогосун аттай элек эле. Кирип келип эле босогону кучактай өксүп ыйлап жиберди. Бугун чыгарып алсын деп жездеси Эрмекти жайына койду. Качан гана солуктап, көзүнөн жаш чыкпай калганда акырын ийинден сүйөп тургузуп, акылдашууга чакырды.
– Эрмек, балам! Айтпасаң да ичиңде кандай бороон жүрүп жатканын билип турам. Кантели, бул да болсо тагдыр. Сенден суранаарым, өзүңдү эми кыйнай бербе. Кеткен адамды кайра кайтара албайбыз. Өзүңдү колго ал, балам. Таежеңдин көзүнчө айтайын деп батынбадым. Билесиң аны, бул жаатта сөз башталганда эле көз жашы көл болуп жатып калат. Сен экөөбүз эркекпиз. Чыдамдуу, көтөрүмдүү болушубуз керек. Ошон үчүн эркекпиз. Эч ким тоскоол болбой турган кезде акылдашып алалы.
"Эмне дейсиз?" дегенсип өзүн тиктеп калган жигиттин колун кармай кебин андан ары улантты.
– Балам, жакшысы, бул үйдү сатып жибер. Ал ишти өзүм эле бүтүрөм. Буюм-тайымдардын жайын кандай кыласың, жакшылап акыл токтотуп ойлоп көр. "Сактап койгула" десең, таежең экөөбүз үйгө алпарып коёлу. Болбосо... Бул үй сага эми үй болуп бербейт. Жашай албайсың бул жерде. Таежең менен кеңешип чечип койдук. Сени Америкага жөнөтөбүз. Билим алып, жер көрүп, эл көрүп, көңүлүңдү да бир аз алаксытып келесиң. Эми кайгыра бергенден пайда таппайбыз, балам. Жараткан бизге ошентип түрдүү сыноолорду жиберет. Акылыңды жоготпой көтөрө билсең, жаман адам болбойсуң.
– Мен эми кайдан жакшы адам болмокмун?!
– Чүш-ш. Андай кепти оозанба. Сен жашсың. Келечегиң алдыда.
Ал кезде мындан бөлөк арга жок болчу. Бир айдан соң Эрмек Америкага кетти. Окуусун бүткөн соң да мекенине кайтууга батына албай дагы беш жыл иштеди. Чакан ишкана ачууга жетээр каражат чогултту. Бөлөк эл, бөтөн жерде бир өмүр жүрө бербесин түшүнгөндө гана Бишкекке кетүүнү чечти. Самолёттон түшөөрдө жүрөгү опкоолжуп, өзүн жаман сезип жаткан. "Мезгил эң жакшы дарыгер" деп бекеринен айтышпаптыр. Көптү көрүп-билип, жашоого көз карашы өзгөрүп калган экен. Оозу бүтө элек эски илдеттин жарасы ачылып турса да, өзүн колго алып жашап кетти. Болгону, Жаңы Жыл майрамы менен келише албай койду. Өмүр бою ушул жара, ушул капа менен жашап жүрүп өтөт, сыягы. "Бири кем дүйнө" деген ушул белем...

Даярдаган Айбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 270, 4-10-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан