УКТАП ЖАТЫП ДЕЛЕ МАСТУРБАЦИЯ ЖАСАЙТ ЭКЕНМИН

– Мен бир топ жылдан бери уктап жатканымда колум өзү эле ыштанымдын ичин көздөй созула бергенин байкап келатам. Сыягы, уктап жатып мастурбация жасайт окшойм. Мындай адаттан кантип кутула алам? Турмушка чыксам, күйөөм мунумду байкап калса, мен жөнүндө эмне ойлоорун элестете да албайм. Жыкы, Каракол.
– Уктап жатканда сиз сүрөттөгөндөй абалга кабылгандар көп. Бирок, тынчсызданууга негиз жок. Мындай адаттан атайын кутулууга аракеттенүү да бекердей. Турмушка чыгып, жыныстык жашооңуз калыпка келгенде уйку кезиндеги мастурбация өзүнөн-өзү калып кетет.


БИР ЖУМУРТКАМ ЖОК БОЛУП КЕТЕТ

– Мен оргазмга жеткен убакта, тактап айтканда, белсуум түшкөн кезде сол жумурткам жок болуп кетет. Бул эмнеден болот? Берадор, Бишкек.
– Жумуртканын жок болуп кетиши мүмкүн эмес. Болгону, кайсы бир себептер менен орун алмаштырат. Мисалы, адатта эркек абдан дүүлүккөндө умадагы жумуртка жука чурай каналына жылып кетет. Умада кичине грыжа болсо да, жумуртка жука чурай каналын көздөй тартылып, каналга кирип кетет. Кандай болгон күндө да урологго көрүнүп, диагнозун тактатууңуз керек.


БОР ЖЕГЕНИМ СЕКС МЕНЕН КӨП АЛЕКТЕНГЕНИМДЕН ЭМЕСПИ?

– Мен 2-3 жылдан бери бор жебей калган күнүм боло элек. Жумушта да элден катып бор жей коём. "Бирөө-жарым байкап койбосун" деп коркконум канча дейсиз. Мунун баары боюмда болгон кезден башталган. Ошондуктан, секс менен көп алектенүү мени бор жегенге алып келген эмеспи деп сурайын дегем. Диля, Нарын.
– Бор жеген менен төшөк кумарынын эч байланышы жок. Бор жегендин себеби, аял кош бойлуу кезде, түйүлдүктүн сөөк системасы түзүлүп жатканда кальцийге талап жогорулайт. Кальций болсо бордун негизги курамын түзөт. Демейде бала төрөлгөн соң бор жеген калып кетет. Эгер борго талап дале улана берсе, анда канды текшертип, кальцийдин деңгээлин билүү кажет.


ТРАКТОР АЙДАГАН ЭРКЕК АЛСЫЗБЫ?

– Элден "трактор айдаган эркек бара-бара төшөк­тө алсыз болуп калат" деп угуп, кабатыр боло берем. Анткени, мен трактор айдайм. Ушун­­дай бо­­лушу мүм­күнбү жана эмне себептен? Марс, Талас.
– Медицинада "вибрациялык оору" деген бар. Тактап айтканда, оору механикалык термелүү­дөн келип чыгат. Мындай ооруга көбүнчө колдонгон аспаптары, куралдары же техникасы механикалык термелүүнү жараткан шахтёрлор, тракторчулар, бетон төшөөчүлөр туш келишет. Кечке термелген аспап менен кошо термелүүгө аргасыз болгон эркектер мезгил өткөн сайын жыныстык жактан алсыз боло башташат. Мунун алдын-алуу үчүн убак-убагы менен дарыгер-сексопатологго көрүнүп туруу кажет.


КҮЙӨӨМ ДҮҮЛҮККӨНДӨ ТЫРЫША БАШТАЙТ

– Акыркы кезде күйөөм катуу дүүлүгүп, бирок, жыныстык катнашка жете электе эле тырышкансып баштайт. Көрсө, жука чурайында катуу оорутуу сезилет экен. Бул ооруга чалдыгуунун белгиси эмеспи? Аку, Ош.
– Кээде мындай көрүнүш урук чыктагыч бези сезгенүүгө кабылганда же урук чыктагыч безинде таш болгондо учурайт. Эгер мындай көрүнүш дагы да кайталанса, анда сөзсүз дарыгер-урологго кайрылып, текшерилүү зарыл.


МАРГАНЦОВКА МЕНЕН ЖУУП КОЙСО, ООРУ ЖУКПАЙ КАЛАБЫ?

– Мен жанымда презерватив жок болуп калганда кошулгандан кийин "алигимди" марганцовкалап эле жууп коём. Билишимче, ушинтсе оору жукпайт. Мунун терс таасири жокпу? Макен, Ош.
– Марганцовканы көбүрөөк кошуп жуунуу терини күйүккө кабылтуусу мүмкүн. Эгер жыныстык жактан жугуучу оорудан сактанууну көздөсөңүз, анда марганцовканы эмес, дарыканадан же секс-шоптордон "Интим", "До и После" каражатын алып пайдалануу кажет.


ВИБРАТОР КОЛДОНУУ ЗЫЯН ЭМЕСПИ?

– Мен жакындан бери вибратор колдоно баштадым. Бирок, курбуларым "вибраторду колдонгон аял кийин эркек менен кумарга батканда оргазмды сезбей калат" дешет. Мунун канчалык чындыгы бар? Вика, Бишкек.
– Төшөк кумарына болгон талап ар кимде ар кандай болот. Кээ бир аялдар вибратор колдонуп жүрүп эле эркектер менен катнашка барганда оргазмды мурункудай эле сезе беришет. Кээ бир аялдар эркек менен болгондо оргазмды сезбей, вибратордон гана кумар алышат. Бирок, бул көбүнчө эркектин аялды төшөккө астейдил эритип даярдабаганынан болот. Андыктан, кооптонууңуздун жүйөөсү жок.


ИЧСЕМ ЭЛЕ ЖАРАБАЙ КАЛАМ

– Соо кезимде "алигим" кааласам да, каалабасам да өз мыйзамын жүргүзүп, "иште" деп турат. Бирок, 100 грамм ичтим дегиче ордунан козголуп коюуну да ойлобойт. Эмне кылсам болот? Куба, Ош.
– Кеңеш бирөө: ичкенди таштоо керек. Сизге турмуш өзү ичимдик менен төшөк кумары шайкеш келбестигин айтып жаткан турбайбы. Андыктан, табиятты угуу керек.


ЭТЕК КИР УЧУРУНДА БОЙГО БҮТҮШҮ МҮМКҮНБҮ?

– Курбумдун айтканына ишенсем, этек кири келип жаткан учурунда боюна бүтүп калыптыр. Ушундай болушу мүмкүнбү? Күкүш, Бишкек.
– Эгер аялдын этек киринин келиши үзгүлтүккө учурабаса жана гормондорго байланышкан оорулар болбосо, анда этек кир учурунда бойго болушу мүмкүн эмес. Тактап айтканда, аялдын организминде патология (оору) болсо гана этек кир учурунда бойго болот.


“АЛИГИМДИН” БАШЫНЫН КИРДЕГЕНИ ЭМНЕДЕН?

– “Алигимдин” башына дайыма ак өңдөгү кир топтолуп калат. Жуусам кайра эле пайда болот. Эмне кылсам болот? Бакы, Ош.
– Медицинада ал ак кир «сегма» деп аталат. Аны жыныстык без иштеп чыгарат. Андыктан, “алигинин” башын күн сайын самындап жууш керек. Болбосо, ал жерге микробдор топтолуп, сезгенүү пайда болот. Эгер “алигинин” башы кычышса же кызарса, анда сөзсүз урологго кайрылуу кажет.

Даярдаган Венера Камалова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Krai
2020-05-17 22:44:50
Кантип суроо бере алам силерге ушул макалага супер инфо
0
Nuri1988Elim2010
2020-05-20 00:08:07
Кандай суроо жиберсек болот
0
№ 270, 4-10-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан