Куудулдугу ашынган Кубан Алимов куудулданып эле отура бербестен, актёрлук кесипке да тийишип көрүүнү чечиптир. Ал Кочкор районундагы музыкалык драма театрынын ачылыш аземине карата коюлган “Боз бойдок” спектаклинде башкаармандын ролун ойноду. Кубан ал жерден 40 жашка чыкса да сүйүүдөн жолу болбой, үйлөнбөй келаткан Тилектин образын жараткан. Кадырбай Мамбетакуновдун калеминен жаралган бул чыгарманы койгон режиссёр – куудул Бакыт Мукул экен.