ЧЫҢГЫЗГА КҮЙӨРМАНЫ АЙГҮЛ ГҮЛҮН ТАРТУУЛАДЫ

Ди-джей да, ырчы да, телеалпаруучу да Чыңгыз Мырзаев күйөрман кызынын күтүлбөгөн белегине туш болду. Жумушунан чыккан Чыңгызды кызыл-саргыч айгүл гүлүн көтөргөн бир кыз тосуп алган. Дүйнө­дөгү сейрек кездешкен бул гүлдү күйөр­маны атайын Чың­гыз үчүн Баткенден алып келген экен. Кыргызстандын Кызыл китебине кирген айгүл гүлүнүн үзүлүп калганына ырчынын ичи ачышып турса да сыртынан билгизбей, кызга ыраазычылык билдирип узаткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 286, 25-апрель - 1-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан