Жакында эле ырчы Бакыт Мамаевдин телефонуна “сизден төрөп алайын дедим эле” деп бир айым чалган. Бул сүйлөшүүнү ырчы тамаша катары кабыл алса да, айымдын чакырган жерине барган. Бирок, ал айым эч кандай тамашасы жок эле жолдошу менен бир нече жылдан бери жашаса да балалуу болбогонун, ырчыдан төрөп алып күйөөсүнө өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдегиси келгенин билдирген. Жана ал айым баласынын Бакыттай эч кимге зыяны жок ырчы болушун каалайт экен. Муну уккан ырчы: “Аталык милдетимди аркалабастан, жөн эле кичинекей Бакыттарды көбөйтө бергеним болбойт го”,- деп тамашага салып жылып жөнөптүр.