Ырчы Роза Шакированын эл көңүлүнөн түнөк тапкан эң популярдуу ырларынын бири “Таппай жүрөм” эле. Ырчы кыз бул ырынын автору, 25 жашында кабылган автокырсыктан улам буту баспай калган Өмүркул Кулунбаев менен таанышты. Акын Атбашыдан Бишкекке кызыныкына конокко келиптир. Роза өзүнүн ырлары камтылган дискин акынга белекке берсе, акын ага үч ырдын текстин белек кылган. Учурда ырчы кыз алган ырларынын бирине обон жаратып, аранжировкасын жасатуу алдында турат.