Ырчы Мирбек Атабеков “2х2” деген концертин элге тартуулап, продюсери Канат Култаев менен коштошкон эле. Бирок, арадан бир аз убакыт өткөн соң Канат менен Мирбек дагы эки жылдык келишимге кол коюшуп, кайрадан чогуу иш башташты. Ишинин майын чыгарган бул ырчыга буга чейин күйөрман кыздарынан көп эле белек келсе керек. Мына ошондой күйөрман кыздарынын бири Мирбектин гезит бетине чыккан сүрөттөрүнүн баары кесилип чапталган кырк барактуу альбомун редакцияга алып келип, ырчыга берип коюубузду өтүнүп кетти. Альбомго Мирбектин гезиттерге берген интервьюларынын бири да калбай ар түрдүү сыя менен көчүрүлүптүр. Ой, тобо-о, деги буга канча убакыт, мээнет кетти экен?