Ырчы Максат Бегалиев сахналаш достору менен Чолпоната шаарына концерт коюп барып, денсоолугуна чоң залака келтирип кайтты. Жаңы эле ырдап бүтүп, көшөгөнүн артына барган ырчынын башына бийик дубалда илинип турган колонка кулап түшкөн. Максатты дароо жергиликтүү ооруканага жеткиришкенде, дарыгерлер ага "мээси катуу чайкалган" деген диагноз коюшуп, эки саат тамчылатма дары куюшкан. Өмүрүндө биринчи жолу мээси чайкалган ырчы Бишкекке келгенде дагы бир жолу дарылоо курсунан өттү.