Ырчы Мирбек Иманбеков өзүнүн продюсери Асыл Апасова менен чүкө менен ойнолчу хан таламай оюнун ойногон. Алгач Мирбекти продюсери утуп кетип, ырчынын башынан 5 укуй алган. Экинчи жолку оюнда "утушум керек" деген принципти карманган Мирбек продюсерин утуп алганы менен андан укуй алууга колу барган эмес. Бирок, ырчы жеңишинин үзүрүн көрүү максатында "укуй албайм, бирок, мага бир клип карыз болосуз" деген сунуш-талабын айткан. Ырчынын сунушуна каршылык көрсөтө албаган продюсер азыр "Мирбектин кайсы ырына кандай клип тартсам?" деп ойлонуп жатат.