Бул жылы жаш таланттардын катышуусу менен жетинчи ирет өтө турган "Жаңы толкун" сынагына Кыргызстандын атынан барчу Омар тандоо турунан жана жарым финалдан өткөнү маалым болгон эле. Бирок, белгисиз себептерден улам бул сынактын калыстар тобу тандалган ырчыларды кайрадан 28-апрель күнү Москва шаарына дагы бир ирет тандоого чакырышкан. Кайрадан Москвага барып келген биздин ырчы эми Юрмалага өттүбү же жокпу, аны 10-майдан кийин калыстар тобу чечишмекчи.