Мукам үндүү эстрада ырчысы Алина Жетигенова оор жоготууга учурады. Анын бала кезден бирге жүргөн жакын курбусу, эстрада ырчысы Нургүл Абылмажинова күлгүндөй жаш курагында о дүйнө салды. Сырдашы катары эсептеген адамдан айрылып калышы ырчыны катуу ойлонтуп, үшкүрүүгө аргасыз кылды. Курбусунун бул жарык менен кош айтышып кеткенине Алина ичтен кейип, «өзү бул дүйнөдө жок болсо да анын ырлары эл эсинде жашап келет» деп өзүн сооротууда.