Ай чырайлуу келбети менен бир нече жигиттин жүрөгүнө чок салган ырчы Айгерим Расул кызы эртең жүрөгүнө операция жасалат деп турган 19 жаштагы күйөрманы Азамат менен жолукту. Ар бир күйөрманынын көңүлүн кымбат деп эсептеген ырчыны күйөрман жигиттин атасы издеп жүрүп араң тапкан. Ооруканада жаткан күйөрман Айгеримди көрүп толкунданганынан эч нерсе деле айта алган эмес. Бактыга жараша, күйөрман жигиттин операциясы ойдогудай аяктаган. Баласынын сакайып чыкканына сүйүнгөн ата-эне ооруканага келип кеткен Айгеримге ыраазычылык билдирип коюубузду өтүнүп редакцияга телефон чалышты.