Изденүүдөн тажабаган ырчы Съездбек Искеналиев кыргыз эстрадасына дагы бир жаңылык киргизгени турат. Ырчы сахналаш досу Замир Арыкбаев менен эстраданын коштоосунда, бирок, кадимки төкмө акындар сыяктуу колдоруна комуз кармап айтышышат. Он куплеттен турган бул айтышты ырчылар атайын заказ менен эки башка төкмө акынга жаздырышат экен. Съездбектин айтымында, жаңы туулган бул идеяны учурда төкмө акындардын баары колдоп жатышыптыр.