МЕКТЕП – КРИМИНАЛДЫН БАШАТЫБЫ?

Кичинекей "мамлекеттин" чоң мыйзамы
Эки мектептин балдарынын "разборкасы" тез-тезден болуп туруучу көрүнүш. Бир мектептин бир окуучусуна башка мектептин окуучулары кол көтөрдү дегиче эки тараптын "өкүлдөрү" "эрөөл талаасына" чыгышат. "Эрөөл талаа" дегени элдин көзүнөн буйтка жер. Ал жерде баш жарылабы, кол сынабы, эч кимге айтылбайт, чуру-чуу түшпөйт. Анткени, "Өлсөң өл, бирок, эч кимге арызданба!" деген жобо окуучулардын мыйзамдарынын негизги жоболорунун бири. Эгерде кайсы тарап укук коргоочуларга же ата-эне, мугалимдерге даттанышса, мыйзамды темирдей сактоого көн­гөн окуучулардын баары аларга каршы чыгышат. Мунун аягы болсо трагедия менен аяктап калуусу ыктымал.
Ар бир мектептин өздөрүнүн "авторитеттери" бар. Алар мектебиндеги алсыз балдарды башкалардын ыза-кордугунан арачалап турушат. Мындай эмгеги үчүн аларга окуучулар "долясын" колдоруна карматып турушат. Эгер мектепке башка жактан окуучу которулуп келсе, сөзсүз түрдө "местныйлардын" кысымына учурайт. Урушту сүйбөгөн тынч бала болсо, айдаган жагына барып, айтканын жасап окуусун уланта берет. Кокустан бирөөнүн алдында басынгысы келбеген окуучу болсо, анда разборканын башталганы ошол. Жаңы окуучу мурдагы мектебиндеги классташтарынан жардам сурайт. Ошентип, жаңы окуучунун "эски" мектептештери менен жаңы мектептештери "эрөөл талаасынан" күч сынашууга чыгышат. Жаңы окуучунун "коргоочулары" жеңишке жетишсе, анда ал жаңы мектебинин каадалуу "авторитеттеринин" бирине айланат. А кокус жеңилип калышса, келген жагына же башка мектептен билим алуу үчүн кетүүгө аргасыз.

«Көпөлөк», «балык» – мушташтын «көркү»
Учурда Бишкекте 80ден ашуун мектеп бар жана алар "престиждүү", анан "жөнө­көй" болуп экиге бө­лүнөт. "Престиждүү" дегенге акчалуулардын жана бийликтеги адамдардын балдары окушат. Мындан сырткары мектептер балдардын көз карашы менен "криминалдуу", анан "тынч" мектеп деп дагы экиге бөлүнөт. Санай келсек, тынч мектеп дегендерге аз сандагы мектеп гана кирип калат экен.
Криминалдуу мектеп жумурткадан кыр чыгаргысы келген тентектердин көптүгү менен даңктуу делинет. Мында "мыйзам" катуу сакталат.
Балакайлардын ичиндеги өтө эле тыңдарынын жанынан "курал" дагы табылып калышы мүмкүн. Курал дегенибиз сыртынан курал деп айткыс, көпөлөк, балыктын кейпин элестеткен кооз оюнчук. Бирок, анын сабынан бурай келсе ичинен узундугу 10-15 сантиметрге чейинки кадимки бычактын мизи чыгат. Колду тилмек тургай, күү менен сайылса адамдын жанын алып коюшу мүмкүн. Балакайлардын, айрыкча өткөөл курактагылардын каны кызуу келет эмеспи, ошондуктан, мушташта кызуулукка алдырып бирөөнө сайып салбайт деп ким кепил болот?
Анан дагы мындай куралдардын кээ бир мектептердин жан-жакасындагы күркөлөрдөн сатылып жатканы кызык. Албетте, муну атайын балдарга арналып чыгарышкан эмес деңизчи. Бирок, өспүрүм чатак кезинде колдонбойт деп ким кепилдик бере алат?

«Разборканын» курмандыгы
Бир канча ай мурдагы шаарыбыздагы №5-гимназиянын эки окуучусу жө­нө­көй пикир келишпөөчүлүктөн улам чатакташып, бири экинчисин бычактап салды. Сандаган окуучулар алдында ыза болгон бала классташына күчү жетпей, аны танапис убагында акмалап, бы­чак менен курсагын бышып алган. Жа­бырланган бала реанимацияга жете элегинде жарык дүйнө менен коштошту.
Булар бүтүрүүчү класстын окуучулары эле. Укканга оор, ал эми ата-эне үчүн андан да оор болгондугу айтпасак да дайындыр. Эч нерсеге арзыбаган чатактын айынан эки баланын тагдырларына балта чабылды. Бири кырчындай кезинде өмүрү менен кош айтышса, бири жашабай жатып "киши өлтүргүч" атка конуп, кылмыш жоопкерчилиги мойнуна илинди.

Мектептеги жаш «салыкчылар»
Жакында, суук күчөп турган маалда бир окуя болуп өттү. Шаардык бир мектептин эки тентеги өздөрүнөн кичүү балага эки бөтөлкө пиво менен 200 сом акча салык салышат. Колунда жок, карапайым үйбүлөнүн баласына анчалык акчаны ким бермек эле, таап бере албайт калат. Ага кыжырданышкан тигил экөө ээн деле эмес, эл көп жүргөн жердин бир бурчунда дырдай жылаңачташат да, кийимдерин көтөрүп алып жөнөп кетишет. Тигил байкуш бала уятын жыйыштырып, суукка чыдабай безилдеп чуркаган бойдон үйүнө барат. Ата-энеси күнөө­лүү­лөр кимдер экендигин такып сурашса да, "тааныбайм" дегенинен кайткан эмес. Анткени, мектебинин "мыйзамын" сактоосу керек эле. Болбосо, алдыда аны эмнелер күтүп турганын бир Кудай гана билет эле.

Кыздардын «Брателласы»
Кыздардын арасында дагы "салык салмай" деген балээ бар. Анан дагы мушташканды билбеген, уят сөздөр менен сөгүнө албаган, тамеки чекпеген кыздар "детское понятие" делинип четке кармалат.
Кыздардын атаманын "брателла" деп атап коюшат. Көзүнөн­бү, сөзүнөнбү "брателлага" кыйшык карап алгандар айыбын "обед" менен жуушат. Кыздардын эң оор разборкасы жигит талашуудан келип чыгат. Эгер эки "брателла" бир жигитти жактырып калчу болсо, аларга кошулуп кыздар да экиге бөлүнөт. Анан жигиттин ой-пикири четте калып, өздөрүнчө жигиттин сыртынан тон бычууга киришишет.

«Биз сиздин кызыңыз менен окуй албайбыз!..»
Класска жаңы кыз келди. Мектептеги жазылбаган мыйзам боюнча жаңы келген кыз жаңы жеринен орун тапкыча кыздардын кыжырын келтире турган жорукка барбай турганы туура. Башкача айтканда, көрүнүктүү "жигиттердин" назарын бурбай, аларга кайдыгер мамиле жасаш керек эле. А бул жаңы келген кыз бул мыйзам менен эсептешкиси келген жокпу, айтор, кыздардан эмес, жигиттерден дос табууга киришкендей түрү бар. Бул албетте, "местныйларга" жаккан жок. "Өз ордуңду билсеңчи" маанисиндеги бир катар "намёкторду" да "ыргытып" көрүштү. Болгон жок. Ачууланган кыздар сабактан кийин тигил жаңы кызды жалгыз келаткан жеринен кармап алышып, төпөш­төп кетишти. Эртеси кыздын ата-энеси мугалимдерге арызданып, ал турмак, милицияга да билдирмек болушуп, мектепке чуру-чуу салып жиберишти. Анда "брателлалар" жана ага кошулган кыздар уялуунун ордуна "Биз сиздин кызыңыз менен окуй албайбыз! Башка мектепке кетсин, болбосо биз кетебиз!" деген талапты коюшту. Бүтүндөй бир класс кеткичекти бир кыздын кетиши оң да, ошентип, жаңы келген кыз башка мектепке кетүүгө аргасыз болду…

Ким күнөөлүү?
Жогоруда айтып өткөн мисалдар окуучулардын чет элден агылып кирген тескери таасирлерге үйрөнүп баратканы кубана турган көрүнүш эместигинин далили болмокчу. Учурда шаарда компьютердик оюн клубдарында не деген гана тескери тарбияга үйрөтүүчү оюндар жок. Телеберүүлөрдөгү фильмдердин жарымы да өспүрүмдүн психологиясын бузуп, терс жоруктарды үйрөтүүчү "боевик", "ужас" сымал фильмдерден.
Бул сыяктуу маселелелер бардык ата-энелердин жүрөгүн өйүгөн нерсе.
Бүгүнкү жаш муун өлкөбүздүн эртеңки келечеги. Ошондуктан, балдар темасына ар бир атуул кайдыгер карабаш керек. Мектептен мугалимдер, үйдөн ата-эне, дегеле жалпы коом катуу көзөмөлдөп, оң таасирлерге багыт берсе, балдардын келечегинен коркунуч болбойт деген кеп.

Даярдаган Гүлмайрам Турусбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан