7-классты ийгиликтүү аяктап жаткан ырчы Эмир жайкы каникулда акчанын чордону болгон Ысыккөлдө иштеп акча тапмай болуптур. Дайыма жайкысын көлдүн күңгөйүндө жайгашкан атасынын чакан пансионатында эс алчу ырчы бул жолкусунда сууда жүрүүчү моторлуу кайыктар жана кумда жүрүүчү мотоциклдер менен эс алуучуларды камсыз кылат экен. Өмүрүндө биринчи жолу өз маңдай тери менен тапкан акчасын чыгармачылыгына жумшаарын айтканда Эмирдин ата-энеси ырчыны чын ниеттеринен колдогон.