Ачылганына аз гана убакыт болсо да аудиториясы чоң «Миң кыял FM» радиосунун алга озуп чыгышына анда иштеген ди-джейлердин да салымы бар. Алардын бири Канат Кадыржан азыр бир жарым айлык эс алууда жүрөт. Эки жылдан бери эс алууга чыкпай иштеп келаткан Канат эми деле үйүндө бош отура албай, бизнес менен алектенип жатат. Тактап айтканда, шаар ичинен эки интернет клуб ачып, кардарларды тейлөөдө. Ди-джейдин айтымында, эгерде бул бизнеси ойдогудай каражат алып келсе, анда радио менен коштошот экен.