Апрель айынын он төртүндө "Манас" аэропорту менен Бишкектин ортосундагы жолдо ди-джей, ырчы Чыңгыз Мырзаев "Исузу" үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышып кеткен. Бактыга жараша, кагылышуунун Чыңгыздын денсоолугуна анча-мынча гана залакасы тийген. Ал эми ырчы менен катарлаш келатып анын алдына дароо бурулган машина ала салып кеткен. Жыйынтыгында, ырчынын машинасы жарактан чыгып, аны тетиктерге бөлүп сатууга аргасыз болгон. Ал эми "Исузу" машинасынын ээси ырчыга материалдык чыгашаны төлөп берген. Жарым ай өтүп-өтпөй Чыңгыз кайрадан кара-жашыл түстөгү "Ниссан Сафиро" үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду. Учурда ырчы "акжолтой машиналардан болсун" деген тилек менен машинасын тууган-уругуна майлап бүтө албай жатат.