Гезитибиздин www.super.kg расмий сайтындагы медиа-порталга өткөн жуманын жетисинде жүктөлгөн Самат Доолотбаковдун "Айдай сулуу" аттуу ырынын клиби тез эле көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Тактап айтканда, "медиа-порталга жүктөлгөн клиптердин ичинен аз убакытта эң көп кароого ээ болгон клип" деп табылды. Буга чейин Саматтын бул ыры чет өлкөлүк музыкалык сайттарда да башкы орунда тураарынан кабар алган элек. Аз убакыттын ичинде хит ырлардын катарынан орун алган бул ырдын жана ага тартылган клиптин ийгилик сыры эмнеде экендигин билүү үчүн Саматка кайрылганыбызда: "Ыр Египетте жүргөндө жаралган болчу. Ал эми клипти бул жактан тарттык. Мүмкүн элге клиптин жөнөкөйлүгү, тамашалуулугу жагып жатса керек. Мисалы, башкаларга окшоп кымбат машина айдап тартылбастан, жөн эле "Гольф" айдап алгам. Анан да бийлеп атканда ар бирибиздин экранга келип көрсөткөн өнөрлөрүбүз жөн гана достор арасындагы приколдорубуздан алынган. Жалпысынан көп эмгек жумшап, 3 миң долларга тарттырдык. Баса, клиптин монтажын да өзүм жасагам",- деп жооп берди.