Комузу колунан түшпөгөн ырчы Замир Арыкбаевдин сөзү, обону өзүнө таандык “Колумдагы жүрөгүм” ырын казак ырчысы Кайрат Нуртас Кыргызстанга келген сапарында кыргыз радиолорунун биринен угуп жактырып калган. Анан Замирдин уруксаты менен ырдын түп нускасын Казакстанга алып кеткен. Замирдин айтымында, Кайрат мекенине барган соң ырды казак тилине которуп, кайрадан аранжировка жасатып ырдап чыгат экен. Андан сырткары, бул ырды ырдаар алдында автору катары Замирдин аты-жөнүн айтып тураарына сөз берген.