АЛЕКСАНДР АБДУЛОВ

Бир гана Орусияны эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүн мекендеген бир канча миллиондогон адамдардын көз жашына карабай атактуу актёр Александр Абдулов үстүбүздөгү жылдын 3-январында 54 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. Актёрдун сөөгү 5-январь күнү 22 миңге чукул кишинин узатуусунда Москва шаарындагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлду.

Александр Абдулов 1953-жылы 29-майда Орусиянын Тобольск шаарында театр кызматкерлеринин үйбүлөсүндө туулган. Атасы Гавриил Абдулов Александр төрөлгөндөн кийин Фергана драмалык театрын негиздеп, үйбүлөсү менен ошол жакка көчүп кеткен. Андыктан, актёрдун балалыгы Фергана өрөөнүндө өткөн. Апасы Людмила Абдулова театрда гримдөөчү болуп эмгектенчү. Александр ата-энесинин үчүнчү уулу. Кичинекей кезинен эле театр, спектакль, сахна деген эмне экендигин жакшы түшүнүп, көшөгө артында чоңойгону менен ал кезде актёр болууну каалаган эмес. Ошентсе да 5 жашында атасы жетектеген Фергана драмалык театрынын сахнасында алгачкы жолу эл алдына чыгып, биринчи ролун жараткан. Балалыгында өтө шок болгондуктан, бир күнү бирөөнүн баласын сабап койсо, экинчи күнү бирөөнүн терезесин сындырып же балдар менен бакчаларга уурулукка кирип, ата-энесин бир топ кишилердин алдына түшүп, кечирим суроого көп жолу муктаж кылган.
Мектепти аяктагандан кийин атасынын мажбурлоосу менен айласыздан кино жана театр жаатында билим алуу максатында Москва шаарына жол тартат. Бул жылы жолу болбой сынактардан өтпөй калганына байланыштуу кайрадан Ферганага кайтып келген. Апасы уулун аскерге жөнөтпөөнүн айласын таап, педагогикалык институттун дене тарбия бөлүмүнө киргизип коёт. Кийинчерээк болочок актёр бүткүл өмүрүн спортко арноону да чечип, кылыч менен чабышуу боюнча “СССРдин спорт чебери” деген наамдын ээси болууга жетишкен. Ошол эле учурда музыка менен да алектенип, автордук ырларын жараткан. Ошентсе да көкүрөгүн­дө жаткан аткаруучулук таланты оргуп чыгып, кийинки жылы Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтуна (ГИТИС) ийгиликтүү тапшырган.
1974-жылы Москвадагы «Ленком» театрынын жетекчиси Марк Захаров Александрды театрда иштөөгө чакырат. Алгачкы жолу “Тизмеде жок” спектаклинде башкаарман лейтенант Плужниковдун ролун мыкты деңгээлде аткаргандыгы үчүн Александр бул жылы “Театр жазы” сыйлыгынын ээси болгон. Муну Абдуловдун жеке карьерасындагы алгачкы ийгилиги десе болот. Ички жана тышкы дүйнөсү төп келишкен Александр тез эле популярдуулукту багындыра бул театрдын “визиттик карточкасы” болууга да жетишет. Ал кезде өзү студент болгондуктан, жатаканада жашачу. Окуусун аяктагандан кийин деле өзүнүн үйү жоктугунан ар кайсы жатаканаларда 8 жыл баш калкалаган.
Александр Абдулов кино дүйнөсүнө 1974-жылы аралаша баштаган. Актёрдун кинодогу эң алгачкы кадамы “Витя, Маша жана деңиз аскерлери жөнүндө” аттуу тасмадан башталган. Ал эми чыныгы атактуулук актёрго “Кадимки сыйкыр” аттуу фильминдеги ролунан кийин баш ийген. Анын эмгегинен жаралган дагы бир популярдуу кино – “Сүйүк­түүңөр менен ажырашпагыла”. Бул фильм аркылуу Александр өз ишинин чебери экендигин далилдеди десе болот. Андан кийин эле Абдулов катышкан “Так ошол Мюнхгаузен” (1979), “Сыйкырчы” (1982), “Свифт курган үй” (1983), “Сүйүүнүн эрежеси” (1984) жана башка кинолор биринин артынан бири жарык көрө баштаган.
Кино дүйнөсүндө жетишкен популярдуулугунун артынан 80-жылдары Александр совет элиндеги айымдар үчүн чыныгы мырзалардын эталонуна айланган. Бирок, ага карабастан ал кезде өзүнүн сүйлөшкөн кызы таштап кетип, бир топ азап тарткан. Алтургай өз өмүрүн кыюудан да кайра тартпай, вена кантамырларын кесип салган күнү да болгон. Кийинчерээк Москвадагы чоң банктардын бирин жетектеген америкалык кызга ашык болуп, аны менен жакын мамиледе жүрөт. Сүйүүдөн жолу ачылбай, бул жолу сүйгөнү тыңчы (шпион) чыгып, аны менен да ажырашууга аргасыз болгон. Бирок, андан кийинки сүйүүсү Ирина Алферова менен кол кармашууга жетишкен.
Ошентсе да актёр Александр Абдуловдун үйбүлөлүк очогу бир ордунан тынчын таппай, башынан ажырашууларды кечиргендигин көпчүлүк жакшы билет. Алгачкы жубайы актриса Ирина Алферова менен башынан оор опперацияны кечиргенден кийин жаңы турмуш баштоону чечип, ажырашып кеткен. Андан кийин Галина аттуу балерина менен жарандык никеде сегиз жыл чогуу жашаган. Акырында бул түгөй да бири-биринен тажай баштаганын айтышып, экөө эки жакка кеткен эле. Андан соң Лариса Штейнман аттуу журналист кыз менен да бир канча убакыт бирге болгону көпчү­лүккө маалым. Бирок, актёрдун бул сүйүүсү да туруктуу болбой, эки жылдан кийин жаш “жубайы” менен ажырашып кетет. Анын ортосунда “жакында Александр Абдулов Анастасия Волочковага баш кошот экен” деген да ушактар тараган. Бирок, андан кийин деле бир нече жылдар бою “мен эркин, бойдок адаммын” деп жар салып келген. Ошентсе да былтыркы жылы Юлия Игнатенко аттуу модель кыздын колун кармаган эле. Алгач кайдан таанышкандарын жашырышканы менен кийинчерээк Юлия мурда Александрдын досунун жубайы экендиги маалым болду. Эмнеси болсо да 2007-жылдын 22-мартында Юлия Абдуловго Евгения аттуу кыз төрөп берип кубандырган. “Бул Абдуловдун биринчи кызы, ал эми Ирина Алферова экөөнүн ортосундагы кызы Ксенияны багып алышкан” деген маалыматтар бар. Ксения учурда кесиби боюнча экономист экенине карабай атасынын жолун жолдоп, кинолорго тартылып жүрөт.
Александр жалпысынан 140ка жакын фильмде роль жараткан. Акыркы жылдары “NEXT” фильмдеринде, “Сүйүү жөнүндө”, “Муз доору”, “Капкан”, “Артист кыз”, “Лузер” сыяктуу тасмаларында аткарган ролдору аркылуу элдин жүрөгүнө сиңген. Аткарган эмгегинин акыбети кайтып, 1986-жылы “СССРдин Эмгек сиңирген артисти”, 1991-жылы “Орусиянын Эл артисти” наамдарынын ээси болгон. Ошондой эле 1997-жылы Ардак ордени, 2007-жылы “Мекенине сиңирген эмгеги үчүн” IV даражадагы ордени менен сыйланган.
2007-жылдын август айынан баштап денсоолугуна байланыштуу тасмага тартылууну убактылуу токтото туруусуна аргасыз болуп, врачтардын көзөмөлү­нөн өткөн эле. Алгач ашказан жарасынан операция болгон. Андан соң чет элдик догдурлардан кеңеш алуу үчүн Израилге учкан эле. Ал жактан «IV даражадагы өпкө рагы» деген диагноз коюулуп, дарылана баштайт. Денсоолугунан ажырап, кандай гана ыкма менен болбосун өлбөстүн амалын издеген актёрду «Кыргызстандын Сарыбулак айылына да жашыруун келип, белгисиз табыпка көрүнүп кетти» деген маалыматтар тараган. Бирок, тилекке каршы, Александр болгон күчү менен жашоо үчүн күрөшсө да, турмуш өз көздөгөнүн берген жок. 3-январь күнү атактуу актёр Александр Абдулов жарык дүйнө менен кош айтышты. Дарыгерлердин айтымында, мындай айыкпас дартты актёр тамекини көп чеккендигинин айынан тапкан.
Актёрдун өлүмүнүн дагы бир себебин Абдуловдордун мурунку кошунасы Олег мистика менен байланыштырууда. Анын айтымында, Александр өзүнүн атасы Гавриил Абдулов каза болуп, сөөгүн жерге берээр алдында анын чөнтөгүнө үйбүлөлүк сүрө­түн салып койгон. Бул жаман жөрөлгө. Андан көп узабай эле сүрөттөгү адамдар четинен каза боло башташкан. Эки айдан кийин Александрдын ортончу байкеси Владимир, андан соң улуу байкеси Володия, эми минтип сүрөт­төгү­лөрдүн бири таланты менен таш жарган актёр Александр да бул дүйнө менен кош айтышты.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 271, 11-17-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан