“Гүлсара” деп муңканган ырчы Нурлан Алдаяров кыз алакачты. Бирок, өзүнө эмес, жакын досуна. Досу ал кызды бир көргөндө эле сүйүп калып, анысын ачык айта албай телефон аркылуу гана ал-акыбалын сурап турчу экен. Үйлөнчү күн келгенде кыздан айбыккан жигит алакачканга досу Нурландан жардам сурайт. Буга макул болгон ырчы кызды алдап чыгып машинага салып, Кочкорду көздөй зуулдап барып көшөгөгө киргизип келиптир.