Беш жылдык өмүр тарыхы бар Кыргыз Республикасынын маданият ассамблеясы эки жылдан бери таланттуулардын ишмердигин баалап келет. Бул ирет Мыскал Өмүрканова атындагы республикалык сыйлыктын лауреатына эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева татыды. Мындан сырткары, ушул эле наам маданиятта төбөсү көрүнүп калган бир топ адамдарга ыйгарылды. Сыйлыкка ээ болгондор ассамблеянын биринчи президенти болгон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жана учурдагы президенти, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин колу коюлган дипломдорго жана күбөлүктөргө ээ болушту. «Аталган сыйлык мага дем берип, дагы изденүүгө жеткирээрине шек жок»,- дейт Айчүрөк айым.