АЙГҮЛ ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫ

Ырчы Айгүл Чалова жигитинен темир тулпар белекке алгандыгын күйөрмандары билсе керек. Машинаны алганына бир канча убакыт болсо да ырчы кыз айдоочулук күбөлү­гүн алганга убактысы жетпей жүр­гөн. Анын үстү­нө айдаганды жакшы өздөш­түрө элек болчу. Ошонун айынан ырчы кыз жакында эле Горький көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинен жеңил машина менен кагышып кеткен. Жол Айгүлдүкү болсо да токтоп туруп калган да, аркада келаткан жеңил машина аны катуу сүзгөн. Бул кагылышуу Айгүлдүн денсоолугуна залал келтирген эмес. Бирок, машинасын оңдотууга туура келген. “Кимде күнөө?” деген суроону машинанын айдоочулары МАИ кызматкерлерине жеткирбей эле өз ара чечишип алышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан