Ырчылар клип тартуу үчүн сулуу кыздарга кастинг жарыяласа, ырчы Алихан учурда сулуу жигиттерди сындан өткөрүп жатат. Ырчынын сулуу деп тапкан жигити анын "Кыялымдан кетпес" ырындагы башкаармандын ролун аткарат. Ал баш каарман дүлөй, сокур болот, бирок, анын сулуулугуна бир бийкеч катуу арбалат. Клиптин аягы көрө албастардын колунан башкаармандын уу ичип көз жумушу менен бүтөт. Алихандын продюсери бул сюжетке ылайык жигит тапкан, бирок, ал аскерге чакырылып кетиптир. Ошондуктан, азыр Алихан продюсери экөөлөп башка келишимдүү жигит издеп жүрүшөт.