Жакында Нарын шаарында бир топ сахна жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болуп өттү. Бул концертке шоу-бизнеске жаңыдан кадам шилтеген ырчы Бегимай Карабаева да чакырылып, күйөрмандарына жагымдуу ырларын тартуулаган. Концерт аяктагандан кийин уюштуруучу топ келген ырчыларды конок кылышкан. Алардын сыйын көрүп, баарына ыраазы болгон Бегимай уюштуруучулардын машинасы менен кайра Бишкекке кайткан. Жолдон ырчы кыз келаткан унаа бузулуп калгандыктан, машинага түнөөгө туура келип, эртеси эртең менен такси менен кетүүгө аргасыз болгон.