Жоон топ ырчылардын арасынан өзүнүн өзгөчө үнү менен айырмаланып турган ырчы Сапар Эркебаев өткөн жылы жайында Чолпоната шаарындагы балдар үйүнө кайрымдуулук концертин берген. Концерт берүү менен эле чектелип калбастан, кичинекей балдар менен жакын достордой, биртуугандардай болуп катташып турат. Бул жылы да жайкы сезондун ачылышы менен ырчы жигит ошол эле балдар үйүнө кайрымдуулук концертин берүүнү пландап жатат.