Кыргызстандын бардык булуң-бурчун жагымдуу музыкалар, жаңылыктар менен камсыз кылып келаткан "21-кылым" радиосу эми "Белес" деген аталыш менен чыкмай болду. Радионун продюсери Замир Казакбаевдин айтымында, аталышы менен кошо радионун эфир мазмуну да саясаттан бир аз алыстап, музыкалык-маалымат көңүл ачуучу формат болуп өзгөрөт экен. "Жакшыга жанаш" урааны менен "Керектүү радио" позициясын карманган "Белес" радиосунда жакында ди-джейликке таланттуу кыздар-балдар үчүн кастинг жарыяланаарын продюсер билдирди.