Микаэль Орусиянын белгилүү ырчысы Дима Биланды анын "Евровидениедеги" жеңиши менен куттуктады. Биздин ырчы жигит Дима Кыргызстанга келгенде аны менен таанышып, достошкон. Көп өтпөй бул достор Астана шаарында болуп өткөн концертте да жолугушуп, көпкө чейин баарлашышкан. Диманын «Евровидение» конкурсунан биринчи орунду алганына сүйүнгөн жердешибиз Микаэль досу Биланды телефон аркылуу куттуктап коюуну унутпады.