Ырчы Турдаалы Аскарбеков чыгармачылыктан сырткары Европадан машина алып келчү. Бирок, шартка байланыштуу бул иш менен алектенбей калганына үч жыл болгон. Тыныгуудан кийин ырчы эми Европа өлкөлөрүн кыдырып кымбат машиналарды жүктөп Кыргызстанга алып келе баштады. Ырчы бул сапарында өзүнө да күмүш түстүү "Мерседес" сатып алды.