Улуу муун сүйүп уккан ырларды унутта калтыргысы келбеген ырчы Ильяз Андаш репертуарына жаңы ыр кошту. Ал эл арасында ырдалып жүргөн "Айгүлүм" деген ырды жаздырып, ага дароо клип тарттырды. Жаш бойдон бул жарык менен кош айтышкан Айгүл жөнүндөгү ырды ырдаган ырчы клип тартылып жаткан учурда бүт жандүйнөсү менен бериле ырдап жатып ыйлап жибергенин өзү да байкабай калды. Өзүнө эч кандай тиешеси жок мазмуну да, ыргагы да кайгылуу бул ырды Ильяз жөн гана өзүнө жаккандыгы үчүн тандап алган.