Шоу-бизнес жаатында ырчылардын ырына өзгөчө мазмун берип турган клиптердин көпчүлүгүн сулуу бийкечтер кооздоп келет. Ырчы Урмат Усенов жаңы жаралган сүйүү темасындагы ырына клип тартуу үчүн кыргыздын ажарлуу айымдарын сындан өткөрөт. Бул клипке тартылууну каалаган кыздардагы актёрдук чеберчилик биринчи орунга коюлат. Клиптин башкы ролунда Урматтын купулуна толгон бийкеч менен ырчы өзү болот. Баса, бул клипке чоң суммадагы каражат сарпталаары анык болду.