Бели ката элек кезинде эле шоу-бизнестин казанында кайнай баштаган ырчы Сауле кичинекей кезинен ыр менен бийди айкалыштыра алып келатат. Гастроль, концерт деп жүрүп 1-классты "сырттан" окуп бүтүргөн ырчыны апасы аяп, кызынын жок дегенде каникулда жайлоого чыгып эс алышын каалаган. Бирок, апасынын бул сунушуна макул болбогон кичинекей ырчы жайкы каникулда "Стар Денс" бий тобуна кошулуп бий үйрөнмөкчү болду. Бул топтун жетекчиси Асел Сауленин ар бир кыймылды илгиртпей алып кеткен жөндөмдүүлүгүн жактырып, аны дароо эле тобуна кабыл алды.