СЫЙМЫК УУЛДУУ БОЛДУ

Көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысы Сыймык Бейшекеевдин учурда бакытка балкып турган кези. Бир уул, бир кыздын атасы болгон ырчы эми үч баланын атасына айланды. Сыймыктын ымыркайы 29-май күнү эртең мененки саат сегизде борбордогу №3-төрөт үйүндө 3 килограмм 700 грамм салмакта бул жарыкка келди. Ырчы келинчеги менен баласын ооруканадан чыгарып келгенине бир жумадан ашса да достору менен дагеле кубанычын бөлүшүп бүтө албай жатат. Ырчы уулунун атын мыкты адамдык сапаттарга ээ Кадыр деген дос агасынын атынан жана «келечекте эл керегине жараган кадырлуу адамдардан болсун» деген тилек менен Кадыр деп атады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 292, 6-12-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан