Таланттуу ырчы Бегимай Эсенгулова быйыл Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 9-классты ийгиликтүү аяктап жатат. Эрте эле студенттик жашоого аралашууну каалаган ырчынын "келечекте юрист болсомбу?" деген тилеги бар. Ошол себептен көпкө ойлонуп отуруп финансы колледжинин босогосун аттоону чечти. Анткени, колледждин 2-курсун аяктап, 3-курстан юридикалык факультетке которулууну максат кылып жатат. Кокус бул ою ишке ашпай калса, анда кайра эле билимин өзү окуган мектептен улантаарын да айтып өттү.