СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти САМАРА ТОКТАКУНОВА

Комузда кол ойнотуп дүйнө элдерин таланты менен тамшанткандардын арасында Самара Токтакунова деген ысым бар. Жансыз аспапка безелентип тил бүтүргөн бул айымды ар бир кыргыз баласы сыйлаары, ал жөнүндө көбүрөөк маалымат алып, жакындан таанышкысы келгендердин саны арбын экенинде шек жок. Андыктан, бүгүнкү темабыз Самара эженин өмүр таржымалына, чыгармачылык жолуна, үйбү­лөсүнө арналат.

Залкар комузчу Самара Токтакунованы эл алдына таанытып, атын чыгарган бул – өмүрлүк жары, атактуу комузчу Чалагыз Исабаев болгонун Самара эженин өзү жана аны жакындан тааныган адамдар эскерип келет. Чалагыз агай тубаса таланттуу комузчу болгону менен өзүн бардык жагынан экинчи орунга коюп, жубайы Самара эжени көкөлө­түп, өмүрү өткүчө алга сүрөп жүрүп өтүптүр. Самара эжеге жубайындай эмес, баласындай мамиле жасап, “ушул күүнү мен келгиче үйрөнүп кой” деп эшикти сыртынан бекитип кеткен да күндөрү болгон экен. “Ашкананы, кир жууганды эмне кыласың, комузуңду гана кылдырат” деген Чалагыз агайдын аракетинин акыбети кайтпай койгон жок. Атай, Карамолдо, Ыбырайлардын черткен күүлө­рүн так өзүндөй аткарып, ал ойноп жатканда залкарлар өздөрү аткарып жаткансыганы эженин ким экендигинен кабар берип турат. Самара эженин эмгеги жогору бааланып, 1975-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1982-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 1984-жылы “Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты”, 1988-жылы СССРдин Эл артисти деген наамдарга татыган.

– Самара эже, туулуп-өскөн кичи мекениңиз кайсы жер?
– Балалыгым Кемин районундагы Кызылсуу айылында өттү. Ал кезде мектебибиз сегиз жылдык эле. Мектепте окуп жүргөндө таптакыр комуз черткенди билчү эмесмин. Бир тууган Токон деген агам мандолина деген аспапта жакшы ойночу. Байкемден мандолинаны талашып-тартышып жүрүп үйрөнүп алдым. Көп өтпөй апам мага да мандолина сатып берип калды. Ырлардын обонун мандолинага салып чертип, тез эле өздөш­түрүп кеттим. Атам Токтакун байкемдин черткенине ыраазы болбой, мени эле мактай берчү. Атамдын “кызым чертип жатканда бир адам эмес, он-он беш адам чертип жаткандай бир башкача угулат” деген сөздөрүн угуп ого бетер кооздоп, шаңшытып черткенге далалат жасачумун.
– Атаңыздын сизге баа бергенине караганда комузда кол ойноткон чебер болсо керек?
– Жок, биздин үйдөн эч ким музыкант болгон эмес. Атам музыканы түшүнгөн, сыйлаган жөн гана музыканын күйөрманы болгон. Бирок, таенем ооз комузду өтө жогорку деңгээлде ойногон адам болуптур. Байкем болсо мандолинаны үйдөн 2-3 адамдын гана алдында ойнобосо, көпчүлүктүн алдына чыгып ойногон жок.
– Мектепти аяктагандан кийинки турмуш жолуңуз кайдан уланды?
– Ата-энем экөө тең эле музыкант болушума каршы болушкан жок. Мектепти бүткөн соң Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырайын деген ой менен эжем Сүйүн экөөбүз борборго келсек, документтерди кабыл алуу бүтүп калыптыр. Кийинки жылы кайра апам экөөбүз август айынын аягында ошол эле окуу жайга келсек, экзамендер дагы аяктап калыптыр. Апам менин шагымды сындыргысы келбеди окшойт: “Эки жылдан бери келип атабыз, “толуп калды, орун жок” деп албайсыңар. Жок дегенде угуп көргүлөчү кызымды?”- деп бир чети таарынып, бир чети мага боору ооруй нааразылана сүйлөдү. “Мейли, эми угуп көрөлү” деген Асанбек Асакеев деген окуу жайдын директору болгон адам анда мугалим экен, ошол адам угуп көрүп эле “тезинен кызыңыздын документтерин чогултуп келиңиз” деди. Апам эки күндүн ичинде документтерди бүтүрүп келди. Ошентип, окуп калдым. Интернаттан төрт кызга бир бөлмө, кийим-кечек беришти. Ал кезде ал окуу жай төрт жылдык эле. Окуп атканда практикага Карамолдо Орозов атындагы оркестрге барып, ошол боюнча ал жерге 1963-жылы ишке кирип калдым.
– Оркестр менен кыргыз элинин жүзүн көрсөтүп чет өлкөлөргө көп чыксаңыздар керек?
– Практикада жүргөнүмдө эле 1962-жылы эң биринчи сапарым Москвадагы 24-съездге катышуу менен башталды. Андан кийин 1965-жылы Франциянын борбору Парижге бардым. Ошону эстегенде дароо көз алдыма Эдита Пьеха элестейт. Анткени, экөөбүз бир бөлмөдө чогуу жашаган элек. 1967-жылы Канадага бардык. Барган өлкөлөрүмдү санап отурсак өтө көп.
– Чет өлкөлүктөрдүн алдында комуз чертип атканда сизде кандай сезим болот?
– Мен эгерде комузда кол ойнотпосом, балким, Америка, Франция деген өлкөлөрдү көрмөк эмесмин. Комуз менин жүрөгүм, кан-жаным десем болот. Комуз – кыргыз маданиятынын жүзү. Комузда кол ойнотуп өзүмдүн жү­зүм­дү эмес, бүтүндөй кыргыз элинин жүзүн көрсөтөм. Чет өлкөнүн чоң сахнасынан кадимкидей толкунданып, кыргыз элимдин атын таанытып жатканыма сыймыктанып чыгам.
– Жолдошуңуз Чалагыз Исабаев менен кандайча таанышып, үйлөнүп калгансыздар?
– Мен оркестрге баргандан баштап Чалагыз менен чогуу иштедим. Ал 1957-жылдан бери ошол эле оркестрдин кыяк группасында ойноп, ал группаны жетектөөчү экен. Чалагыз оркестр боюнча өзүн тыкан, тартиптүү алып жүргөн үлгүлүү жигит эле. Чынында, бойдок кыздар баарыбыз аны жакшы көрчүбүз. Кыздар чогула калганда эле Чалагыздын турган-турпатына суктанып, “кандай бактылуу кыз жубай болот болду экен?” дей берээр элек. Экөөбүз келечек, турмуш жөнүндө же “жактырып калдым” деп таптакыр сүйлөшкөн жокпуз. Бир күнү эле чогуу иштеген байкеникине тойго чакырып калышты. Барсам мага жоолук салып жатышпайбы. “Жигитим да жок, анын үстүнө Чалагыздан жакшы жигитти кайдан тапмак элем?” деп ойлонуп, анан отуруп калдым. Ошентип, 1966-жылы үйлөндүк. Бизге филармониянын жатаканасынан бир бөлмө беришти. Ал жерде 5 жылча жашадык. Арабиянын Сирия шаарында гастролдоп жүрсөк ыраматылык Бүбүсара Бейшеналиева эже Кыргызстандын Борбордук Комитетинин секретарына: “Бизде таланттуу үйбүлө бар, ошолор үйү жок кыйналып жү­рөт”,- деп айтып калды. Келгенден бир ай өтпөй эле 6-кичирайондон үч бөлмө­лүү квартира беришти.
– Чалагыз агай жөнүндө, балдарыңыз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
– Чалагыз менин чыгармачылыгымды колдогон, жардам берген кайталангыс устатым болду. Жаман-жакшы айтышып урушкан учурларыбыз болгон жок. Кыскасы, элдин көзү тийе тургандай эле үйбүлө болдук. “Жак­шы адамды Кудайым эрте алып кетет” деген чын окшойт, 1991-жылы автокырсыктан 52 жашында каза болуп калды. Бирок, артында өзү түптөп кеткен “Камбаркан” фольклордук тобу калды. Ушул топтон эле ал адамдын комузга кандай мамиле кылганын билсек болот. Ал эми уулдарыма кайрылсам, улуу балам Аслан филармониянын жатаканасында жашап жүргөндө 1968-жылы төрөлгөн. Аслан менен Актанды атасы абдан катуу тарбиялачу. Талапты катуу коюп, экөөнү тең музыкадан билим алууга чакырып, Абдыраев атындагы музыкалык мектептен окуткан. Балдарыбызды тарбиялоодо апам Жумабүбү менен сиңдим Анаранын ролу чоң. Чалагыз экөөбүз чет өлкөгө гастролго кеткен сайын экөө балдарымды карап калышчу. Ошол берген катуу тарбиянын акыбети кайтып, Аслан азыр эң мыкты скрипкачылардын бири. Чет өлкөлүк классикалык чыгармалардан тарта улуттук музыкаларды профессионалдык чеберчиликте аткарып келет. Учурда “Акмарал” бий ансамблинде жана “Ордо сахна”фольклордук ансамблинде иштейт. Аслан келиним Сажида экөө Элес аттуу кызын жана Арсен деген уулун тарбиялап жатышат. Экинчи балам Актан болсо 1972-жылы төрөлгөн. Абдыраев атындагы музыкалык мектебин бүткөндөн кийин Кыргыз Улуттук консерваториясынын фортепьяно бөлү­мү­нөн билим алган. Бул өнөрүнө өнөр кошулуп Актан мыкты эстрада ырчысы катары да чыга келди. “Элес” вокалдык инструменталдык тобунун солисти катары атпай журтубузга гана эмес, чет өлкөгө да таанылууга жетишти. 1999-жылдан тарта Актандын жеке чыгармачылык жолу ачылып, ошол жылы өткөн “Ысыккөл-99” эл аралык фестивалында башбайгени жеңип алган. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наамга да ээ болду. Келиним Гүзал экөө Эмир аттуу уулду жана Аяна аттуу кызды тарбиялап жатышат. Чалагыз балдарынан көп нерсени үмүттөнчү эле, ошол үмүтүн эки балам тең аткарды десем жаңылышпайм.
– Чалагыз агайдын аты эмнеге Чалагыз деп коюлган экен?
– Кайненемдин балдары токтобой чарчап кала бериптир. Чалагыз төрөлгөндө ырымдап атын Чалагыз коюп, элге “күчүк төрөдүм” деген экен. Атасы согушка кетип, дайынсыз болуп келбей калыптыр. Энеси болсо Чалагыз төрткө чыкканда каза болуп калган экен. Анан жолдошум атасынын агасы Исабайдын колунда чоңойгон.
– Кызыңыздын жоктугуна өкүн­бөй­сүзбү?
– Кудай мага бардыгын берди. Тилекке каршы, кыз берген жок. Албетте, өкүнөм. Бирок, эки небере кызым бар.
– Келиндериңизге кандай кайнене болуп атасыз?
– “Кайненелик каар” дегенди такыр билбейм. Өтө жумшак, боорукер, урушканды билбеген адаммын. Өзүм жаңы келин болуп келгенде өгөй кайнененин колуна келдим. Салт-санааны сыйлаган, кайненемди урматтаган келин болдум. Кайынжуртум ме­ни абдан жакшы кө­рүш­­чү. Мен дагы кайненемдей эле келиндериме кызымдай мамиле кылам.
– Кайсы сапаттарыңыз өзүңүзгө жагат, кайсы сапаттарыңыз жакпайт?
– Адамдарга жакшылык гана кылгым келип турат. Муктаждыгына жараша кандай иш менен кайрылса, ошонун ажаатын ачканды жакшы көрөм. Материалдык жактан болобу, моралдык жактан болобу дегендей. Колумдан келгенин жана акылым жеткен кеңештеримди эч кимден аябайм. Өзүмө жакпаган сапаттарым деле жок.
– Турмушта катуу өкүнгөн учуруңуз?
– Жолдошумдан ажырап калганымда катуу өкүндүм. Андан башка деле жашоого болгон таарынычым, өкү­нүчүм жок.
– Бийлегенге кандайсыз?
– Бала кезимден эле бийлегенге жокмун. Азыр той-топурга барганда столдо кантип отуруп алам, эл катары кичине кыймылдайм.
– Ал эми ырдагангачы, эл сизди комузчу катары гана таанышат эмеспи?
– Мен жаш кезимде абдан жакшы ырдачумун. Ырчы болсом деле болмок. Бирок, жүрөгүм комуз деп согуп туруп алды. Жаш кезде башка аспапта да ойногум келген. Жаңы студент болгондо скрипканын чоңу виолончель деген аспапка да аябай кызыктым. Бирок, ата-энем ал аспапты билбегендиктен, “комузда эле оку” деп коюшкан.
– Ата-энеңизге берген эң кымбат белегиңиз?
– 1965-жылдары айылдагы башкарманын эле үйүндө сыналгы бар болчу. Биз ошол жылы гастролго Францияга барып калдык. Ошондо ата-энеме “Неман” деген үлгүдөгү сыналгы алып келип бергем. Айыл ичи “оо, Токтакундун кара кызы Франция­дан сыналгы алып келиптир” деп катуу дүңгүрөгөн. Андан кийин 1976-жылы Америкадан апама шуба, тааныштардын баарына япон жоолук алып келгем. Ал кезде япон жоолугу жаңы чыгып аткан.
– Айрымдардын сизге жасаган бут тосууларын байкаган жоксузбу?
– Көрө албагандар болгон жок. Себеби, өзүм комузда мыкты ойносом, өз күчүмө ишенсем, ким мага бут тосмок эле.
– Өзүңүз жөнүндө уккан ушактарга же мактоолорго кандай мамиле жасайсыз?
– Эгерде мен ушак айтып бирөөнү жамандабасам, мени ушакташкандай туура эмес жолдо жүрбө­сөм, мени ким жамандамак эле. Бир да жолу өзүм жөнүндө айтылган жаман сөз уккан жокмун. Кайсы жерге барбайын мактоолорго, элдин ыраазычылыгын гана угуп калам.
– Өзүңүздүн талантыңызга кандай баа бере аласыз, сизге атаандаш барбы?
– Мен эч убакта өзүмдү мыктымын деп айта албайм. Мага эл баа бериши керек, ал эми мага атаандаш жок деп да айта албайм. Ар бир аты чыгып калган өнөрлүү адам – өзүнчө кайталангыс талант.
– Сиздин өнөрдү улантып, ордуңузду басчу шакирттериңиз барбы?
– Учурда Кыргыз Улуттук консерваториясында жана “Устат жана шакирт” коомунда жаш таланттарды тарбиялап келем. Атактуу комузчу болуш үчүн тубаса талант керек. Консерваторияда таланттуу кыздар абдан көп.
– Өзүңүздү тарыхта калам деп эсептейсизби?
– Албетте, кыргыз элинин маданиятынын тарыхында калдым деп айта алам. СССРдин убагында фольклор боюнча Эстебес Турсуналиев экөө­бүз­гө гана Эл артисти деген наам берилген. Азыр ал кишинин да көзү өтүп кетпедиби. Мен кыргыз болуп төрөлүп, комуз кармап калганыма сыймыктанам.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 271, 11-17-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан