Ырларынын клибин тартып жүрүп кино тартууга таасирленген ырчы Айбек Карымов азыр кино жаатында да өз күчүн сынап жатат. Ал ырдоону да, ошол эле учурда кино тартууну да чогуу жана бирдей деңгээлде алып кетүүнү ойлоп, экиге бөлүнүп иштеп жаткан кербези. "Сүйүү жана миллион" деп аталган тасманы тартууну Айбек жетектеген "Кылым муза" продюсердик борбору колго алды. Камат Касенов режиссёрлук кылган бул кино "Кыргызфильм» киностудиясынын жогорку сапаттагы техникасы менен тартылат.