Буга чейин шоу-бизнес чөйрөсүндөгү адамдардын арасында гана эмес, эл арасында да Ташкент кызы Гүл менен Акбар Сүйүнбаевдин кыз-жигит болуп жүргөнү, ал гана эмес, төрт жылдан бери чогуу жашашаары туурасында бир топ сөздөр айтылып жүргөн. Бирок, бул сөздөрдүн баарын эки ырчы тең моюндарына албай, "ушак" деп кутулуп келишкен. Тымызын тараган кептер ушак эмей эле чыркыраган чындык окшобойбу. Анткени, экөөнүн мамилесин жана жакында үйлөнүшөөрүн ошол эле чөйрөдөгү адамдар да баамдашкан экен. Гүл хиджаб кийип Кудай жолуна түшсө, Акбар сакал өстүрүп алганы бекеринен болбосо керек. Ал гана эмес, эки ырчынын уюлдук телефондорунун номерлери бир гана сандан айырмаланат экен. Анан да башка ырчыларды кошпостон дайыма экөө эле гастролдоп жүрүшкөнү да кызыгуу туудурбай койбойт. Акбар "телевидениеге жумушка орношом" деп барып, акыры ал жакка Гүлдү да тартууга жетишкен. Бул божомолдордун чын-бышыгын билгибиз келгени менен экөөнөн тең "ушак" деген сөздү угаарыбызды билип, ырчылардын өздөрүнөн сураганыбыз жок. Кудай буюрса, күркүрөгөн күздүн келиши шоу-бизнестегилерди жар-жар айттырат окшойт.