Төбөсү көрүнүп калган ырчылардын катарын өз таланты менен Замир Арыкбаев да толуктап келет. Ырчы сахналаш досу Съездбек менен дуэт-клип жаратты. Башкача айтканда, элге кеңири жайылган "Даткайым" деген ырын эстрада жана фольклордун коштоосунда дуэт аткарышат. Ырдап эле тим болбостон, ал ырга дуэт-клип да тартып жатышат. Клиптин сюжеттеринде кыргыз элинин илгертен келаткан каада-салтын чагылдырууну негизги максат кылып алышкан. Клипте эки ырчы тең Даткайым аттуу сулууга ашык болушат. Бирок, кыздын ата-энеси аны башкага кудалап, күйөөгө узатышат. Ошентип, эки ырчы тең сүйүүлөрүнө жетпей муңканып кала берген клипке күйөрмандар жакын арада күбө боло алышат.