Продюсерине ар дайым таянып жүргөн ырчы Сапар Эркебаев Ысыккөл облусундагы 12 айылга концертин коюп жүрүп болгон бут кийимдерин жоготуп келди. Акыркы концертин Барскоон айылында өткөргөн соң өз кийимдерин жыйноо милдетин продюсерине тапшырганбы же ишенгенби, айтор, бир чемоданга салынган 5 жуп туфлисин жана эки жуп спорттук бут кийимин калтырып келе берген. Эми бут кийимсиз калган Сапар бул жоругу үчүн продюсерин жемелеп, ыйлактап, кайрадан бут кийим саттырып ала албай түйшүккө батып жүргөн кези.