Кийинчерээк эл арасында куудулдук өнөрдүн солгундап кеткенине жаны кейип, "жандантуу керек" деген идеясы менен алек болгондордун арасында куудул Кубан Алимов да бар. Куудул жакында эле Кочкор районундагы таланттуу жаштардын башын кошкон "Кытыгы" куудулдар жана "Шок" клоундор топторун ачкан. Кубандын бул аракетин көргөн Кочкор районунун акими алардын талантын колдоо иретинде райондун борборундагы "Чолпон" кинотеатрын менчиктештирүүгө берген. Буга жетине албаган куудул учурда клубдун ичин бир сыйра оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ак сарайлуу болгонуна кубанып жүргөн кези.