Дүйнө “арыктоо вирусунун” кучагында калган учур. Элдер ашыкча салмагынан арылуу үчүн акчасын да, күчүн да аяшпоодо. Базар, тармактык маркетинг диетасыз эле ийнеликтей келбетке келтирүүчү шектүү дарыларга толуп кетти. Телевидение, басылмалар, радиолор арыктатуучу каражаттарды рекламалап, элдин башын айлантуудан жазбай келет. Анткени, аларга акча төлөнсө болду. Мындай каражаттардын организмге терс таасир берүүчү жактарына көңүл бурбагандар жыйынтыгында ыйлай тургандай абалда кала тургандарын сезе беришпейт...
Арыктатуучу таблеткалар жана чайлар
Булар тамакка табитти жоготуучу же бат эле ток болгондой сезим тартуулоочу, же заара кубалоочу, же ич айдоочу каражаттар болот. Организм мындай каражаттарга бат эле көнүп, курсту кайталаганда эч кандай таасир бербейт. Заара кубалоочу же ич айдоочу каражатты кабыл алуу курсунан кийин адам өзүн абдан жеңил сезип калат. Анткени, аталган каражаттар организмдеги бүт суюктуктун чыгып кетүүсүн шарттайт. Бул зыяндуу! Анткени, жүрөк-кан тамыр, заара чыгаруучу системалар жана тери зыян тартат. Мындан сырткары, баш оору, жүрөктүн бат-баттан кагышы (энтигүү), өнөкөт оорулардын курчуп кетиши да күтүлөт.
Таиланд таблеткалары
Таиланд таблеткаларын сатууга Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө жана Россияда мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Анткени, алардын курамынын негизги бөлүгүн Таиландда жана Филиппинде кеңири таралган метамфетамин баңгизаты түзөт.
Бул баңгизатын экинчи дүйнөлүк согушта немистер оорутууну жана коркууну сезбей калуу үчүн чабуул алдында жоокерлерине беришчү. Ошондуктан, метамфетамин “Гитлердин баңгизаты” деген атка конгон.
Таиланд таблеткалары адамды өзүн-өзү унутуп, элирүү деңгээлине жеткизүүдөн тышкары организмдин адреналинди көп бөлүп чыгаруусуна алпарат. Бул жөнү жок жиндеп ачууланып, бирөөлөргө кол салууга, кол көтөрүүгө жеткирет. Медицинада мурда метамфетаминди тамакка табитти тарттырбай коюучу жана психостимулятор (борбордук нерв системасын иштөөсүн активдештирүү) катары пайдаланышкан. Бирок, өтө аз дозада жана дарыгердин көзөмөлүнүн астында гана. Кийин организмге терс таасирлери эске алынуу менен көптөгөн өлкөлөрдө колдонуудан чыгарылып салынган. Кыскартып айтканда, таиланд таблеткалары денсоолукка жана психикага орду толгус зыян алып келет.
Көңүл бургула!
Көптөгөн арыктатуучу каражаттардын курамын төмөнкүлөр түзөт:
Арыктатуучу БАДдардын кесепети тууралуу
БАДдар (биологиялык активдүү кошумчалар) курамындагы белгисиз заттары менен өлүмгө да алып келиши мүмкүн. БАДдар эң көп чыгарылуучу Гонконгдун эксперттери арыктатуучу “табигый” жана “чөп” каражаттар колдонууга тыюу салынган жана толук изилденбеген курамдардан тураарын аныкташкан. Албетте, мындай курамдар чыгаруучу компаниялар тарабынан ачык жарыяланбайт жана дарынын сыртына жазылбайт. Негизи, бир дары колдонууга, сатыкка чыгарылаардан мурун 10 жылга чукул изилдениши керек. Гонконгдук БАД чыгарып, акча табууну көздөгөндөр анча убакытты албетте, күтүп отурушмак беле! Эксперттер мындай каражаттардан азап тартып, атүгүл өлүмгө кабылгандар тууралуу да далилдерди келтиришет. Мисалы, 53 жаштагы богок оорусунан азап тартып келаткан аял арыктатуучу БАДды колдонгондо жүрөгү токтоп, ажал тапкан. Башка 33 жаштагы аялдын боору иштен чыгып, ага врачтар донор боор салуу менен өлүмдөн алып калышкан.
БАДдардын курамындагы заттардын көбү жүрөктүн клапанынын иштөөсүн бузуп, жүрөк оорусун жаратып, оору өнүгүп кетсе, өлүмгө алып келээрлиги далилденген.
БАДды сатып алаардан мурун эске алыңыз!
БАД дары эмес. Ал бир катар оорулардын алдын-алуу катары колдонулуучу гана каражат. Ал эми колдо, тармактык маркетингде иштегендер саткан арыктатуучу БАДдар дээрлик жасалма. Саткандар сизди эмес, капчыгыңызды гана арыктатууну көздөгөндүктөн, андай БАДды колдонгон соң эмне болооруңуз аны кызыктырбайт. Эгер чыныгы БАДды колдонгуңуз келсе, алгач врач менен кеңешип, ал сизде оору бар же жок экендигин тактап, БАДды колдонгон соң организмиңиз зыян тартпай турган болсо гана чыныгы фирмалар чыгарган БАДды сунушташы мүмкүн.
Арыктатуучу каражатты ичүүдөн мурун ойлонуңуз!
Биринчиден, сизге дегеле арыктоо керекпи? Экинчиден, ашыкча салмакта болсоңуз, анда дарыгерге кайрылып, себебин тактатыңыз. Ал сизге жекече дарылануу боюнча көрсөтмө берет. Үчүнчүдөн, дарыгерге же диетологго кайрылууну каалабасаңыз, анда семирбөө же арыктоо үчүн аз жеңиз жана көп кыймылдаңыз. Болгону ошол!
Даярдаган Канымжан Усупбекова