Ырчы Максат Бегалиев ырчылык өнөрүнөн сырткары да дайыма акча табуунун ар кайсы жолдоруна бармагын салып көрүүнү адат кылып алган. Бул жолкусунда ырчы тапкан акчасынын баарын малга жумшап жатат. Башкача айтканда, шаардын четинен атайын мал багуучу кашар сатып алып, аны жалаң майда жана бодо малга толтуруу менен алпурушуп жүрөт. Ырчынын айтымында, алган малынын саны азыр бир топ эле болуп калыптыр. "Учурда малымды атайын малчы жалдап бактырганым менен убакыт өтсө, өз малымды өзүм деле багышым мүмкүн",- дейт ырчы жигит.