Америкадагы белгилүү окуу жайларда окуган кыргыз жигиттери өз мекени болгон Кыргызстанга эс алууга келишип, экинчи борбору аталган Ош шаарындагы Сулайман тоого да барышкан. Алар "Кыз-Бурак" тобунун сулуулары менен эстеликке сүрөткө түшүүнү да унутушкан эмес. Топтун көкүрөк күчүгү болгон Сайкалга жигиттер кыпкызыл жыты аңкыган 100 даана роза гүлүн жана Нью-Йорк шаарынын тарыхы камтылган 10 томдук китепти белек кылышып, ырчы кыздын талантын сыйлашаарын билдиришкен. Алардын айтымында, Америкадагы кыргыз жаштары Сайкалдын "Эстей жүр" деген ырын сүйүп угушат экен.