Төбөсү көрүнгөн жылдыздардын арасындагы жаш ырчы Алихан бир күнүн муз тебүү менен өткөрдү. Тактап айтканда, ырчы Улуттук телеканалда жүрүп жаткан "Жылдыздар кесип өзгөртөт" долбоорунда муз тебүүнү үйрөткөн инструктордун милдетин аткарды. Инструкторго айлануу ырчыга анча деле кыйынчылык туудурган жок. Анткени, Алихан Орусияда жашап жүргөнүндө коньки тебүүчү атайын ийримдерге катышып келген. Өз мекенине кайтып келгенден кийин, тактап айтканда, беш жылдан бери гана бул иш менен алектенбей калган эле.