Тилинен чаң чыккан Назира Айтбекова Түркияда болуп өткөн түрк тилдери боюнча Дүйнөлүк олимпиаданын алпаруучусу болду. Дүйнөнүн 110 өлкөсүнөн 600 окуучу катышкан бул олимпиадада биздин түрк лицейлеринен барган окуучулар 3 алтын, 3 күмүш, 2 коло медалдарга татыды. Мындай жетишкендиктери менен Кыргызстан алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Ал эми Назиранын алпаруучулук талантына күбө болгон түрк эли анын сүйлөгөнүнөн баштап чачына чейин суктанышып, аркасынан кууп жүрүп сүрөткө тартышыптыр. Түркияда мындай ийгиликке жетишкен Назираны түрк туугандар кийин да концерттерде алпаруучу болууга чакыруу үчүн телефон номерин жазып калышыптыр.