"Кыз-Бурак" тобунун белгилүү солисткасы Айжамал Кабылова сүйгөн адамына баш кошкону окурмандардын баарына эле белгилүү болсо керек. Айжамалдын жолдошу түрк фирмаларынын биринде башкы менеджер болуп иштегенине байланыштуу Москвага командировкага кеткен эле. Эми жолдошунун артынан Айжамал да алыска жол тартты. Буюрса, август айынын башында ырчы кызыбыз Москвадагы мыкты төрөт үйлөрүнүн биринде көз жармакчы.