Жаш ырчы кыз Мээрини тойлордун биринде казак элинин капчыктуу жигити жактырып калган. Казак жигит Мээриге көп каражат сарптап, Астана шаарында клип тарттырып берүүнү сунуштаган. Жакшы клип тарттырып калууну ойлошкон Мээри жана анын продюсери Дана эже макул болушкан. Бирок, ал жигит сүйлөшүүлөрдүн биринде ошол бойдон Казакстанда Мээрини алып калаарын байкабайбы же атайынбы, айтор, "балп" эттире айтып салган. Ырчы канчалык клип тарттырууну каалап турса да бул сөздөрдөн коркуп, баш тартууга аргасыз болгон.