ЫСЫККӨЛДҮН КЫЗГАЛДАКТАРЫ

Фильмдин идеясы кайдан жаралган?
«Ысыккөлдүн кызгалдактарынын» башкы идеясы Александр Павлович Сытин аттуу жазуучунун «Тянь-Шань контрабандисттери» аттуу 1927-жылы жарыкка чыккан китебинин негизинде жаралган. «Тянь-Шань контрабандисттеринде» 1920-жылдары Сытин өзү кызмат өтөгөн Ысыккөлдүн жээгиндеги чегара бөлүгү сүрөттөлөт. Чыгармада кыргыз чегарасында кызмат өтөгөн орустар ашыкча даңкталып берилген. Кийин «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген белгисиз сценаристтер бул чыгарманын негизинде сценарий жазышкан экен. Бирок, мында да орус чегарачыларынан эрдиги обу жок макталып, реалдуу турмуш чагылдырылбай калат. Ошол кезде киностудияда редактор болуп турган Ашым Жакыпбеков сценарийди окуп көрүп, жактыра бербейт. Анан Болот Шамшиевге сунуштап, экөө сценарийге турмуштук эпизоддорду киргизип, окуялуу кылып кайрадан иштеп чыгышат. Ошентип, «Ысыккөлдүн кызгалдактары» фильми тартыла баштайт. Ал кезде фильмдин режиссёру Болот Шамшиевдин 29 жаштагы кырчындай курагы экен. Баса, фильмди алгач «Ыйык көл» деп аташыптыр. «Ысыккөлдүн кызгалдактары» кийинки аталышы экен.

Кыскача мазмуну
Фильмдин аты айтып тургандай, мында Көл аймагындагы окуя сүрөттөлөт. Эски феодалдык бийлик кулап, социалдык бийлик али күчүнө кире элек мезгил. Бул кезде Көлдө апийим өстүрүү күчөп кетет. Чет элдиктер ордуна алтын берип, кыргыздардан апийим алып турушат. Ошондуктан, бул аймактын көпчүлүк тургундары мал-жан, эгин-тегин сыяктуу тиричиликтерин токтотуп, апийим өстүрө башташат. Чегарада болсо кантрабандага каршы чегарачылар турушат. Бирок, чегара канчалык бекем болбосун, апийим ташыган контрабанда өнүгө берет. Бул иштин башында ким тураары белгисиз. Фильмдин негизги каарманы Карабалта контрабандистти кармайм деп катуу аракет кылат. Бирок, куу бандит Карабалтаны совет бийлигине жаман көрсөтүп, натыйжада, Карабалта өзү жайган торго ак жерден өзү түшүп калат. Көрсө, Карабалта издеп жүргөн контрабандист ошол эле айылдын тургуну, медициналык керек­төөлөргө жумшоо үчүн апийим кабыл алуучу бөлүмдүн башчысы Байзак болуп чыгып, кийин бети ачылат.
Фильмдин негизги каармандарынын бири Калмат – чоң жана атактуу кыргыз уруусунан. Октябрь революциясына чейин падышалык бийликтин куугунтугуна туш болгондуктан, уруусу менен адам көзү көрбөгөн тоого көчүп кеткен. Эски бийлик кулагандан кийин да алар тоодо жашоосун уланта беришет. Жаңы бийликтин душмандары Калматты апийимге үндөй башташат. Бирок, Калматтын уруусу аларга эмес, чегарачылар тарапка кошулат. Ошондой эле мында Калматтын кызы Каличанын Карабалтага болгон сүйүүсү чагылдырылган. Фильм Калматтын айылга көчүп келиши менен аяктайт. Кинодо акыр түбү чындык, акыйкат жеңет деген философия жатат.
«Ысыккөлдүн кызгалдактарынын» жанры бир жактуу эмес. Мында окуялар аябай көп болгондуктан, баш-аламан сүрөттөлө берген.

Тасманын тартылышы
«Ысыккөлдүн кызгалдактары» Жетө­гүз, Жууку, Барскоон өрөөн­дөрүндө алты ай тартылып, ага айыл эли жалпы катышкан. Аттар ар кайсы айылдардан чогултулган. Фильмде колдонулган оюнчук эмес, чыныгы куралдар атайын машинага жүктөлүп көзөмөлдө болуп турган.
Фильмдеги Калматтын кызы Каличанын ролуна ылайыктуу кыз табуу бир топ кыйынчылыкты жараткан. Жардамчы режиссёр Темир Дүйшекеев Каличанын ролуна кыз табам деп мектеп, институт, деги барбаган жери, киносынакка ээрчитип келбеген кызы калбаган деп айтылат. Акыры бир күнү кокусунан эле көчөдөн каратору, айчырайлуу Айтурган Темировага жолугуп калганда көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнгөн экен.
Фильмдеги Көлдүн жээгиндеги эң акыркы окуяны 1971-жылы 31-январда тартышкан. Сценарий боюнча болсо күз мезгилиндеги окуяны тартыш керек болчу. Табиятты го көлдүн карын тазалап, кумдан чачышып күз айына окшоштурушту. Бирок, сууга түшүү кыйын болду. Себеби, сценарий боюнча Калмат уруусу менен айылга көчүп келгенде ал жигиттери менен «оо, көлүм, сени аман-эсен көрдүк» деп сууга киришмек. Кычыраган кыш мезгили болгондуктан, актёрлордун эч кимиси көлгө кирүүгө батынышпайт. Акыры баарына 300 граммдан арак куюп беришип, сууга түшүрүшөт. Суудан чыккан соң, тиштери тиштерине тийбей калчылдаган актёрлорго дагы 300 граммдан куюп беришип, өздөрүнө келтиришкен экен.

Кошумча маалымат
Карабалтанын образын жараткан Сүймөнкул Чокморов фильмдеги ар бир күнү үчүн 66 рубль, Каличанын ролундагы Айтурган Темирова 28 рублдан гонорар алып турушчу экен. Жалпысынан фильм үчүн СССР мамкиносу тарабынан 600 миң рубль бөлүнүптүр.
Фильм тартылып бүткөн соң, бүткүл союздук кинофестивалда Сүймөнкул Чокморов “Эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн” деген сыйлыкты жеңип алса, Болот Шамшиев Кыргыз ССР Ленин комсомол сыйлыгын алган.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан